Убада Баткен

Быйыл Кыргыз Республикасы эгемен өлкө болгонуна 30, Баткен облус болгонуна 22 жыл толду. Бирок чек аранын аныкталбай жатканы жылдар бою баткендиктерди коркунучтун барымтасында кармап келатат. Чар тарабын Тажикстан менен Өзбекстан курчаган кичинекей облустун жарым миллионго жетпеген эли чабуулдан да, кыргыз бийликтеринин кайта-кайта берилген убадаларынан да чарчады. Мындай кезде эл башчыларынын оозунан айтылган убаданын аткарылышына коомдук көзөмөл кажет. Дал ошол максат менен биз, баткендик жаштар, UBADA BATKEN демилгесин баштадык. Айтылган убада аткарылышы керек, аны сиздер менен бирге көзөмөлгө алабыз. Кеттик анда!

Убаданын эң соңкулары 2021-жылдын апрель-май айларындагы кайгылуу окуялардан кийин берилди:

  • Максат жана башка айылдар эки айда калыбына келтирилет! (Президент Садыр Жапаров, 6-май, Лейлек району Максат айылы) 

  • Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт, Жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөт. (Президент Садыр Жапаров, 6-май, Лейлек району Максат айылы)

  • Талкаланган чек ара тозотторун жана пунктуларын, күч түзүмдөрүнүн объектилерин жана социалдык объектилерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү (БИШКЕК, 5-май. Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» кол койгон жарылыгында),

  • Жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу тууралуу

  • Жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жөнөтүү жолу менен реабилитациялоону уюштурсун;

  • Жабыр тарткан жарандарды СОVID-19 инфекциясынан эмдөөнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзсүн (БИШКЕК, 5-май. Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» кол койгон жарылыгында)

  • Жаңы алынган мобилдик клиникалар эң алгач Баткен облусуна жөнөтүлсүн. (БИШКЕК, 5-май. Президент Садыр Жапаров)

 

Быйыл айтылган ушул жана ага чейинки башка убадалар кандай аткарылып же аткарылбай жатканын ушул сайтта сиздерге кабарлап турабыз. 

Сиз сайтыбыздын алгачкы бетинде 29-апрелде куралдуу атышуудан бери канча убакыт өткөнүн көрө аласыз; 

Убада кандай аткарылып жатканы тууралуу биздин эксклюзив макала-видеолорубузду Ubada Batken You Tube каналыбыздан көрө аласыз; 

Учурда Баткендеги иштин жүрүшүн башка сайттар, телеканалдар менен радио, гезиттер кандай чагылдырып жатканын (“Фокуста Баткен”); 

жана башка маанилүү жана кызыктуу маалыматты таба аласыз. 


UBADA BATKEN демилгесин биз акча табыш үчүн жасаган жокпуз, бул — чек арада кыйын турмуштан чарчаган элдин кызыкчылыгында бийликтен убадасын аткарууну талап кыла турган коомдук көзөмөлдү күчөтүш аракети. Сизди да бул маселе ойлонтсо, сиз да Баткенде жерин коргоп, өздөрү жылдар бою убада менен гана жашап келаткан элге жардам бергиңиз келсе, бизге колдоо көрсөтүңүз. Сиздин колдоо терең журналисттик иликтөөлөрдү, Баткен элинин турмушундагы маанилүү өзгөрүштөрдү көрсөткөн сүрөт, видео, текст макалаларын, коррупция сыяктуу жашыруун маалыматты ачыктоо менен байланыштуу материалдарды жасоого жумшалат.

Биз эч кимдин заказын аткарбайбыз, ошондуктан ишибизди улантыш үчүн элдин гана колдоосуна муктажбыз. Сизден келген ар бир колдоо үчүн ушул сайтыбызда отчет берилип турат.


Элсом: 771 31 00 35
VISA: 4169 5853 4880 3817



 

Биздин өнөктөштөр

Байланышуу

Биздин дарек