Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районунун Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда “Чек ара маселеси чечилмейин Тажикстанга барбайм” — деп айткан. 

Бирок андан көп өтпөй, 28-29-июнь күндөрү, өлкө башчы Жапаров Тажикстанга расмий сапар менен барып келди. 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт. Тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат.
Бул тууралуу маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери Александр Лукашенко (Беларус), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Владимир Путин (Орусия), Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана уюмдун баш катчысы Станислав Зась катышары белгиленген.

Маалыматка караганда, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздукту, уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашат. Жыйынтыгында 15ке жакын декларацияга кол коюлат.
Кыргыз президентинин администрациясы Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө барарын ырастай элек.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Булак

Ал арада, 6-сентябрь күнү, ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусуна Тажикстан катышпай турганын билдирген.  Анын себебин тажик тарап «Рубеж-2021» машыгуусу өтүп жаткан күндөрү Тажикстанда аскерлердин катышуусунда бир катар иш-чаралар пландалганы менен байланыштырганын жергиликтүү «Asia-Plus» басылмасы өз булактарына таянып кабарлады. Эгемендиктин 30 жылдыгына карата ири шаарларда парад өтөрүн белгилген.

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x