Баткен районунун Ак-Сай айылы — эки жагынан тажик айылдары менен курчалган эки миңден ашыгыраак тургуну бар кичинекей айыл. Чек ара жаңжалдары, тажиктер менен чыр-чатак бул жерде тез-тез кайталанып турат. Быйыл апрель, май айларындагы чек ара жаңжалында аксайлыктардын тогуз үйү толугу менен өрттөлүп кеткен. “Убада Баткендин” активисттери учурда алардын ичинен бир гана үй толук курулуп, ээси үйгө киргенин кабарлашты. 3-4 үйдүн курулушу уланууда, дубалдары турган. Калгандарынын пайдубалы гана бүткөн. “Курулуш материалдарынын күтүп отурабыз”, — дешти бизге ошол үй ээлери.

12.09.2021

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x