Баткендеги куралдуу атышуудан жабыр тарткан айрым тургундардын материалдык зыяндардын орду дагы деле толо элек. Айрымдары аба ырайынын суутуп баштаганынан кабатырланса, кээбирлери окуу жана жашоо шарттарынын жоктугун айтып келет.

Алардын катарында мугалим Зуура Рабиева да бар. Ал азыркы учурда чатырда бир уул, бир кызы менен күн көрүп келет. Жумушу жана балдарынын окуусу үчүн шарт жок экенин, бир кыйла эле кыйналып жатканын айтат. “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде: “буга чейин булардын (балдарынын) шарттары үчүн, көп эле: столдор, стулдар, китеп-дептер үчүн атайын шкафчиктер бар эле.  Телевизор жок. Мен өзүм мугалиммин. Кредитке алган ноутбугум да күйүп кетти. Мугалимдерге ноутбугу болбосо кыйын да”,- дейт, ал.

Баткен районунун Достук айылында 9-класска чейин билим алган мектеп бар. Анда буга чейин 54 гана окуучу билим алчу. Жаңжалдан кийин 14 окуучу үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүп кеткен. Учурда аталган айылдагы “Достук” орто мектебинде 40 гана окуучу билим алат. Алардын 11и мектепке чатырда жашап жаткан абалында келип кетишет. 

Аталган айылдын тургуну, 74 жаштагы Бааргүл апа жашоо шартын айтып, өкмөттүн убадалаган жардамын кечигип жатканын “Регион ТВ” телеканалына билдирди. “Күндүзү ысык болуп жатат, кечинде суук болуп жатат. Жаш балдар менен кыйналып жатабыз.  Августка бүтөт деди, сентябрга бүтөт деди, сентябрдын 15ине бүтөт деди, дагы эле бутпөй жатат. Билбейм эмнеге мындай болуп жатат. Эми биз кышта кантип жашайбыз, аны бир Кудай билет”,- дейт, Бааргүл Парманова. 

Өкмөт курулуш иштеринин аягы өлкөнүн эгемендик күнүнө чейин бүтөрүн айткан болчу. Уламдан-улам кечигип баратат.  Анын себебин чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов “Түркия мамлекетинен келе турчу материалдардын кечеңдеп келгенине байланыштуу” деп билдирди. “Курулуш иштери жүрүп жатат, Кудай буюрса, сентябрдын аягында калган 40 үйдү да бүтүрүп беребиз”,-дейт, Президенттин өкүлү Рахимов.

Маалымат regiontv.kg сайтынын Ютубдагы каналында кабарчы Нургазы Жайнаковдун даярдаган репортажынан алынды. Репортаждын чыккан күнү 16-сентябрь.

Булак

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x