Апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу токтоп турат. Алардын көпчүлүгүнүн 50 пайыз курулушу да бүтө элек.

Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары жаңы окуу жылы башталып, чатырдагы жашоо балдардын билим алуусуна ыңгайсыздык жаратып жатканын билдирди.

“Чатыр кичинекей. Сабак жазганга шарт жакшы болбой жатат. Стол, отургучтар жок. Кээ бир сабактарыбызды мектепке барганда даярдап жатабыз”, — деп айтып берди 8-класста окуган Азизбек.

Ал Баткен районундагы үч тарабы тажик айылдары менен чектеш Достукта жашайт. Алардын үйүнүн пайдубалы куюлуп, андан кийинки курулуштары токтоп калды. Бул айылда талкаланган он үйдүн баары ушундай абалда.

Айыл башчысы Саитбурхан Жапаров курулуш материалдарына байланыштуу күн алыс район борборунан кабар алып келет.

“Курулуш азырынча токтоп турат. Мурдагы күнү прорабга чалып сурадым. Материал толук келмейинче алып келбейт окшойт. Баарын чогултуп анан курушат экен. Ошон үчүн баштай албай жатышат”, — деди айыл башчы.

Президент Садыр Жапаров 27-августта Лейлек районудагы Максат айылында үйлөрдүн бүткөнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтө турганын убада кылган.

Андан бери убада эки жолу жылды. Эми сентябрдын аягына чейин эмес, октябрдын онуна чейин бүтүргөнгө аракет жүрүүдө.

Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов курулуштардын токтоп турганын жүк ташуучу машинелердин кармалышы менен түшүндүрдү.

“Бүгүн (17-сентябрда) акыркы үч фура жолдо. Ар деталы ар жерден келе жатат. Ошондуктан Баткен районундагы үйлөр жарым-жартылай туруп калган. Алты фураны түшүрүп жатышат. Эртең үчөө келсе, анан иш башталат. Сентябрдын аягына болбосо да 5-10-октябрга чейин баарын киргизебиз”.

Булак: Азаттык

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x