Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта үйлөрү тонолгон Лейлек районунун бир нече айылынын тургундарына мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлө элек. Бул тууралуу алар “Убада Баткендин” активистине айтышты.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылынын тургуну Ниса Элмуратованын үйүндөгү эмеректери талкаланып, буюмдары уурдалган.

-Биздин үй тонолгон. Өзум соккон килемдер, унаа алууга топтогон 140 000 сом акча жок. Эмерек, эшиктер талкаланган. Эл жөнөткөн азык-түлүктөн жардам алдык. Кызыл жарым ай коому 14 000 сом берди. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам болгон жок. Арыз жазганбыз. Мамлекет тарабынан 5 айдан бери абалыбызды сураган да эч ким болбоду. Милиция арызды алган менен, эч бир жооп айтпай келатат, — деди Н.Элмуратова.

Ушундай абалда калгандардын дагы бири, аркалык жеке ишкер Эркин Эрматов. Анын ветеринардык аптекасы тонолуп талкаланган. Чыгымы эсептелип, компенсация убадаланганы менен, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. “Убада Баткендин” активисти ушундай эле абалда калган ондогон адамдар менен Лейлек районунун Сада, Интернационал, Кулунду, Борбордук айылдарында көрүшө алды.

Жергиликтүү элдин айтымында, соңку кыргыз тажик чек ара чатагында Лейлектен 120 ишкер түрдүү чыгымга учураганын айтып кайрылган. Алардын ичинде 76 ишкер чыгымга учураган ишкерлердин акыркы тизимине кошулган. “Убада Баткендин” активистине ошол арыз берген ишкерлердин айрымдары алардын документтери өтпөй калганын, жыйынтыгында 51 гана ишкерге компенсация бериле турган болгонун ырасташты. Калгандарына “патент төлөнбөгөн” деген негизде берилген эмес. Бирок компенсация албай калган ишкерлердин көпчүлүгү патентке быйылкы жылдын алгачкы төрт айына гана төлөнбөгөнүн билдиришти. Анын үстүнө, пандемиянын себебинен аларга иштөөгө уруксат берилген эмес.

Жергиликтүү тургундар талкаланган, уурдалган буюмдары боюнча милицияга арыз менен кайрылышкан айтышат. Бирок, ошол жарандардын айтымында, азырга чейин ал иштер боюнча эч ким чакырылган да эмес, аларга эч кандай жооп да айтылбаган.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара аныкталбаган аймактар көп, эки ортодо куралдуу кагылышуулар, майда жаңжалдар тез-тез катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин Баткен обсулунун Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам мерт болду. Өлгөн жана жарадар болгондордун арасында жай тургундар да бар. Жалпысынан 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик бийликтери 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгонун кабарлашкан.

Сүрөт: Лейлек району, Интернационал айылында тонолгон үйлөрдүн биринин эшиги. 22-сентябрь, 2021.

 

 

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x