Кечээ, 23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылында 2 окуучуну Тажикстандын жарандары кармап кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдын күн батыш тарабында чек ара тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар чек арадан 5-10 метр аралыкка чейин кирип келип, 11-класста окуган Ш.Ю. менен Э.Н.ны (2005-жылы туулган окуучулар) күчкө салып Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен.

Тажикстандыктар окуучуларга кошо Кыргызстандык ак түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны кошо алып кетишкен.

Кечээ тажик тарап баткендик 4 окуучуну сабап кеткен:

23-сентябрда саат 13:00 чамасында Көк-Таш айылынын Дахма аймагында мектептен кайтып келе жаткан төрт кыргыз окуучусун тажик айылынын 30га жакын 11-классынын окуучулары ур-токмокко алганы маалымдалган. Анын кесепетинен 4 кыргыз окуучусу денесинен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алган. Эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгон.

Баткен районунун жана Исфара районунун күч түзүмдөрү эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Жолугушуу учурунда Көк-Таш айылынын Назаров жана Боронбаев көчөлөрүн эки тараптуу милиция кызматкерлери кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоо жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Баткен районунун акимчиилиги бул окуя боюнча укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен жолугушканын билдирген.

«Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алган. Эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгон. Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузуучулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүүзүнү макулдашты. Учурда чек аралаш аймактарда коомдук саясий абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө», — деп айтылган маалыматта.

Булак: Турмуш басылмасы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x