Баткен облусунун атайын эсебине 119 млн 667миң 548 сом топтолгон
Ушул жылдын 28-30-апрел күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине бүгүнкү күндө жалпы 119 млн 667миң 548 сом топтолгон. 1-октябрга карата жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө топтолгон каражаттын 46млн 338миң сому которулду. Тактап айтсак:
-Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчун 12млн 830миң сомго келишим түзүлүп, 12млн 492миң 551сом которулган.
-Максат айылынын кире беришине арка курууга 1млн 798миң сомго келишим түзүлүп, 899миң сом которулган.
-чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн Баткен шаарында курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8млн 681миң 188сомго келишим түзүлүп, 4млн 340миң 688сом которулган.
— чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн Баткен шаарында курулган 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3млн 406миң 96сомго келишим түзүлүп, 1млн 703миң 96сом которулган.
-Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3млн 699миң 519сомго келишим түзүлүп, 1млн 849миң 719сом которулган.
-Баткен районунун Ак-Сай айылындагы “Сулууданги Ак-Сай” таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1млн 273миң 122сомго келишим түзүлүп, 636миң 600сом которулган.
-Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7млн 181миңго келишим түзүлүп, 6млн 590миң 600сом которулган.
-Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук ситемасын курууга 33млн 813миң 220сомго келишим түзүлүп, 16млн 906миң 600сом которулган.
-чек ара чырында жаракат алган 8 жарандын дарылануусу үчүн 920миң сом жумшалды.
Белгилей кетсек жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүдө курулуш компаниялар менен түзүлгөн келишимдин жалпы сметалык баасы 72млн 912миң 914 сомду туздү. 1-октябрга карата 45млн 418миң 651сому которулган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Убаданы берген эмес, аткарган улук!