Тажик агрессиясынын курмандыктары үчүн курулган 36 үйдөн турган кичи шаарчанын жашоочулары менен «Убада Баткендин» активисти 5-октябрда жеринен таанышып келди.

Мадина шаарчасы Баткен шаарындагы Чет-Булак аймагында жайгашып 2 гектар жерге түптөлгөн, шаарчанын ички  көчөсүнө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу системасы орнотулган.

Ал эми жаңы конушка салынган үйлөр үч бөлмөлүү, ашканасы жана ажатканасы үйдүн ичинде болгон, таза суу түтүктөрү, жылытуу тутуму орнотулган бирок толук кандуу ишке кире элек. 

«Головнойдо» жарылган миномёттон каза болгондордун бири маркум Медербек  Камчиевдин жубайы Карачач Азамжан кызынын айтымында:

«Бизде таза суу чоң көйгөй жаратып жатат, негизи таза суу  үйүбүздөн чыкмак, бирок канализация толук бүтө элек.  Биз сууну үйдөн алысыраак жайгашкан крандан ташып ичүүгө аргасызбыз. Биздин тиричилик керектөөлөрүбүз суу менен болгондуктан, суу маселесин эртерээк чечип беришсе. Азыр күн да  суутуп калды, суу болбосо жылыткыч (отопление) да иштебей эрте менен, кечинде суук болуп жатат «- дейт Азамжан кызы. 

 Маркум Камчиевдин жесири Карачач учурда үчүнчү наристесин күтүүдө. Ал  мамлекет убадалаган бир миллион сом көлөмүндөгү кенемтени алгандыгын айтты.

«Күйөөм каза болгондон кийин эки айдан соң бир миллион сомду толук түрдө алдык, кошумча кыздарыма дагы миң сомдон жөлөк пул алып жатам. Ар тараптуу колдоо болгону менен жолдошумдун жоктугу өкүндүрөт [кейип] «- дейт Карачач Азамжан кызы. 

Буга чейин 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кол салуудан каза болгон жарандардын жакындарына салынып жакан уйлордун курулуш иштери аяктап, ачкычтары тапшырылган. 

Шаарчага каргашалуу окуяда курман болгон 12 жаштагы Мадинанын ысымы берилди. 

Имараттарды «Ихлас» жана SMA Group курулуш компаниялары куруп берген. 20 үйдү «Ихлас» компаниясы, эки үйдүн курулушуна диний аалым Абдышүкүр Нарматов жана «Кут» компаниясы демөөрчүлүк кылганын, дагы эки үйдү «атын атагысы келбеген» компания салып берген. Калган 10 үйдү SMA Group салып берген.

Акмарват Абдилла кызы,  Нурпейил Ашур кызы

 

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x