Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турат. Бул тууралуу 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров “Баткен облусу кандай болуп өзгөрөрүн эки-үч жылда көрө аласыңар” деди:
“Сиздердин тапшырмаңыздар менен жакынкы арада Баткендин өнүктүрүү фонду болот. Жыл сайын 500 миллион сом бөлүп турабыз. Мындан тышкары чет мамлекеттерден, эл аралык финансылык институттардан, баарынан сурандык. Жакынкы 5-10 жыл ичинде Баткен жана Нарын облусуна болгон финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз. Баткен биздин эң алыскы эмес, Кыргызстан баштала турган облусубуз. Баткенге түздөн-түз көңүл бурабыз. Эки-үч жыл ичинде Баткен облусу кандай болуп өзгөргөнүн көрөсүздөр”.
Булак: Азаттык
Убаданы берген эмес, аткарган улук!