Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда апрелдеги жаңжалдан кийин курулушу пландалган 140 үйдүн ичинен Лейлек районунда 100 үй толук бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылды. Баткен районунда курулат делген дагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө ээлери көчүп киришти. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет.

Мындан сырткары, Кыргызстандын президентинин демилгеси 36 шейит кеткен эр азаматтын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулганын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ал үйлөр жеке ишкерлерди колдоосу менен курулган.

Эске салсак, Баткендеги куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандардын үйлөрү эки айда калыбына келтирилерин президент Садыр Жапаров 6-майда убада кылган. 

Тилекке каршы, айтылган мөөнөттө убада толуп аткарылбай калгандыктан, августтун аягына, андан кийин сентябрдын ортосуна, акыркы убадасында 10-октябрга чейин иш толук аяктаарын Баткен облусундагы президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов билдирген. 

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x