Куралдуу күчтөр олуттуу өзгөрүүлөр болуп, технология менен камсыздаларын 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирген. Ушул күнгө чейин Убада Баткен сайтында бул убада «аткарылбады» статусунда турган болсо, бүгүн «процессте» бөлүгүнө жайгашты.

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты.

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылаыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынганын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Бардык убадалар өз убагында, толук аткарылат деген ишеничтебиз

Атайын эсепке топтолгон акчанын жумшалганы боюнча маалымат:

Лейлек району боюнча:

1) Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук ситемасын орнотууга 33 млн 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 млн 906 миң 600 сом которулган.

2) Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 млн 492 миң 551 сом которулган.

3) Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 млн 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган.

4) Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 млн 181 миңго келишим түзүлүп, 6 млн 590 миң 600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

1) Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 млн 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 млн 849 миң 800 сом которулган.

2) Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Суулууданги Ак-Сай» таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 млн 273 миң 122 сомго келишим түзүлүп, акча толук которулган.

Чек ара окуясында каза болгон 36 жарандын жакындарын колдоо максатында салынган 36 үйгө кошумча жумшалган акча каражаты:

1) чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн Баткен шаарына салынган 36 үйдүн канализациясына 8 млн 681 миң 188 сомго келишим түзүлүп, толугу менен которулган.

2) Ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3 млн 406 миң 96 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган.

Чек ара чырында жаракат алган 16 жаранга дарылануусу үчүн 1 млн 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген.Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна 229 миң 750 сом каралган.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65 млн 847 миң 283 сом калган. Түзүлгөн келишимдин негизинде айтылган сумманын 20 млн 584 миң 349 сомуна бааланган иштер аткарылууда. Акчасы иш аяктаары менен которулуп берилет.

Учурда 45 млн 262 миң 934сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат.

Булак: Марал

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x