«Убада Баткен» буга чейин чыгарган маалыматында «Мадина шаарчасынын» жашоо шарты тууралуу жазган. 

Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов 16-сентябрь Мадина шаарчасынын ачылышында Ала-Тоо 24  каналына «Суу түтүктөрүн шаардын борбордук тутумуна туташтырып бердик»- деп айткан. Бирок 13-октябрь күнү суу жана жылуулук берилгенин жергиликтүү тургундар тастыкташкан. Тилекке каршы, суу, жылуулук системасы эртеси күнү токтотулганын Убада Баткенге жергиликтүүлөр билдиришти. Тургундар тийиштүү өкүлчүлүктөргө арыз менен кайрылаарын кошумчалады.

Баткен администрациясына жарандар тарабынан чогулган каражаттын эсебинен ‘Мадина шаарчасынын» 36 үйдүн канализациясын курууга 8 млн 681 миң 188 сом коротулган. Бүгүнкү күндө дагы деле суу, жылуулук маселеси чечилген жок. 

Эске салсак, чек-арадагы айылдарды калыбына келтируу жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов 29-августа Азаттык   үналгысына 15-сентябрга чейин  жогоруда айтылган көйгөйлөр толук бүтөрүн билдирген. Бирок тургундардын айтымда канализация жакынкы күнгө чейин ишке кире электиги маалым болгон.  

 

Автор: Акмарват Абдилла кызы, Нурпейил Ашур кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x