Баткен курмандыктарынын урматына курулган «Мадина шаарчасы» таза суусуз калды

Баткенде соңку чек ара чырында курман болгондордун урматына курулган «Мадина шаарчасынын» жашоочулары таза суусуз калышты. Аларга жакында бийлик суу чыгарып бердик деп жарыя кылганда “Убада Баткендин” активисти шаарчадагы үйлөрдү аралап, суу айрым гана үйлөргө жеткенин, болгондо да ал өтө аз чыгып жатканын көргөн болчу. Ноябрдын биринчи күнү ал да токтоп калган, — деп билдиришти бүгүн “Убада Баткенге” шаарчанын жашоочулары.

Ансыз да бардык үйгө суу бирдей берилбегенине нааразы болуп турган жашоочулар азыр эми аны кайдан алып ичебиз деп таптакыр шашып калышканын айтышууда.

«Үйдү салып берген жеке ишкерлерге ыраазыбыз. Бирок өкмөт канализацияны, жылуулукту, үйдүн айланасындагы тосмолорду бүтүрүп берүүнү өз мойнуна алган. Ага акча да бөлүнгөн. Эми ошону сапаттуу, өз убагында бүтүрүп беришсе болмок», — дейт шаарчанын жашоочусу Каныкей Эралиева. Ал — быйыл апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында курман болгон жай тургундардын бири Доолатбек Жигитали уулунун бир тууган жеңеси.

Шаарчанын тургундары бул маселе боюнча Баткен шаарынын мэриясына жана «Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык ишканасына кайрылышканда “сууну чыгарып бердик го” деп гана кутулушкан.

Учурда шаарчанын жашоочулары жакын жерден сууну ташып ичип жатышат. Бирок ал жердеги жашоочулар сууну Мадинанын тургундары менен бөлүшкүсү келбейт.

«Азыр сууну ташып келип жаткан жердеги кранды да ошол айылдын тургундары «Бул сууну биз чыгарганбыз, силер биздин суудан уурдап ичип жатасыңар» деп, таштар менен сууну жаап жатышат», — деди шаарчанын тургуну Каныкей Эралиева. (Видео)

Быйыл апрель, май айларында «Головнойдо» жарылган миномёттон каза болгон жай тургундардын дагы бири маркум Айтбай Кудайназаров болчу. Анын жубайы Айгүл Матаева да бир уул, бир кызын ээрчитип, «Мадина шаарчасына» көчүп келген. Ал “Убада Баткенге” сүйлөп жатып, суу 25-октябрда берилгенин, бирок өтө аз көлөмдө чыккандыктан жылыткыч түтүктөрүнө жетпей калып жатканын айтты. “Ошондуктан азыр электр плиталарын колдонуп жатабыз”, — деди Матаева.

Айрым тургундар ұйлөрүн эптеп жылытыш үчүн үйдүн чатырын ачтырып, ошол жактан жылуулук системасына жакынкы жердеги крандан ташып келген сууну бочкеге куюп жылытып жатышат. Муну бизге шаарчанын атын атагысы келбеген тургуну айтты. Бул шаарчада күйөөсү курман болгон жаш энелер көп болгондуктан, аларга мындай жагдай оор экенин айтышууда.

Азыр бул шаарчада таза суу чыкпай калган. Тургундар сууну бир чакырым алыс жердеги крандан чакалап ташып ичкенге мажбур. Кырдаалды аныкташ үчүн “Убада Баткендин” активисти чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлчүлүккө байланышканы менен, азырга чейин алардан так маалымат ала албай жатат.

“Убада Баткен” буга чейин аталган шаарчадагы суу проблемасына бир нече жолу кайрылган. Натыйжада жашоочулар 25-октябрда суунун берилгенин, бирок суунун көлөмү, күчү өтө аз экенин айтып, бардык үйлөргө бирдей жетпей жатканын кабарлашкан болчу. Бул жагдайга
“Убада Баткендин” активисти өзү да 31-октябрда «Мадина шаарчасына» барганда күбө болду.

Эсиңиздерге сала кетели, Баткен облустук администрациясына элден чогулган акчадан жылуулук жана суу түтүктөрүн орнотууга 8 млн 681 миң 188 сом которулган. Жергиликтүү бийлик шаарчага таза суу берилгенин, үйлөрдүн канализациясы толук ишке киргенин кабарлаган болчу.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек ара чатагында курман болгон 36 кыргыз жаранынын жакындарына 36 үй курулуп, ага “Мадина шаарчасы” деген ат берилген болчу. Мадина — ошол күндөрү тажик аскерлеринин огунан мерт болгон 12 жаштагы кыргызстандык кыз. Шаарчадагы үйлөрдүн ачкычтары 16-сентябрда курман болгондордун жакындарына тапшырылган.

“Убада Баткен” бул шаарчадагы социалдык маселе кандай чечилерин мындан кийин да кабарлайт.

Акмарват Абдилла кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x