Максат айылынын тургундары президентке кайрылышты

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын 20дан ашуун тургуну 12-ноябрда президент Садыр Жапаровко видео-кайрылуу жасашты. Алар президентке быйыл апрель айынын аягындагы кагылышуудан кийин келтирилген зыянга мамлекет компенсацияны толук төлөп беришин, Тажикстандын күч кызматкерлери уурдап кеткен максаттык тургундун тез арада бошотолушун суранышты.

«Чек аранын делимитация жана демаркация иштери чечилбегендиктен, жыл сайын жер талаш, суу талаш, жайыт жана таштанды маселелеринин айынан чыр чатактар чыгат, — дейт тургундардын бири Сапарали Адинаев. — Апрелдин аягында күтүүсүз окуя болуп, бир топ кыйынчылыктар болду. Биз келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү суранабыз жана кечээ жакында биздин айылдын бир тургунун тажиктер алып кетип калышкан, анын да тез арада өз үйүнө кайтарылышын суранабыз». 

21-октябрда Максат айылынын тургуну, Сүлүктү шаарында окуган 3-курстун студенти Айдар Хайдаровду Сада айылында чоң атасыныкында малга тоют камдап жүргөн жеринен Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кетишкен. Кандай шартта, кимдер кармап кеткенин эч ким көргөн эмес.

Кийинчерээк Хайдаровдун ата-энесине кабар берилип, Тажикстандын Худжанд шаарында кармалып турганы маалым болгон. Айдар Хайдаровдун жакындары бийликтен жардам күтүп жатышат. 

“Айылда тогуз үй толук камсыздандырылган болчу. Алар мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна төлөмдөрүн убагында төлөп келишкен, бирок бирине да уюмдан компенсация берилбеди, — деди бүгүн “Убада Баткендин” активистине телефон аркылуу президентке кайрылгандардын бири Сапарали Адинаев. – Үйлөрү өрттөнгөндөрдүн баарына түркиялыклыктар үч бөлмөлүү стандарт үйлөрдү салып беришти. Анысына ыраазыбыз. Бирок мамлекет эмне үчүн жок дегенде камсыздандырылып келген үйлөрдү калыбына тургузуп бербейт?”

Анын айтымында, мындай нааразылык айылда барган сайын көп айтылууда. Анткени бир эмес, эки үйү өрттөлгөн, дүкөндөрү тонолгон, малдары уурдалган тургундар бар. Аларга компенсация “экинчи этап менен берилет” деген убада айтылганы менен, азырга чейин толук берилген эмес. 

Быйыл 28-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда таш ыргытуу менен коштолгон жаңжал чыккан. Ага тажикстандыктар Кыргызстанга таандык суу бөлүштүрүүчү жайга видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.

Эртеси күнү 29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасашкан. 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан Баткен облусу боюнча 136 турак жай 84 объект өрттөлгөнүн, анын 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашканын билдирген.

Нурпейил Ашур кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x