“Балдарыбыз канализация чуңкуруна түшүп кетеби деп коркобуз”

«Мадина шаарчасында» канализацияны курууга 8 млн 681 миң 188 сом коротулган. Бирок анын люктарынын сапаты талапка жооп бербейт. Натыйжада люктардын капкагы кыска убакытта сына баштаган.

Шаарчанын жашоочуларынан “Убада Баткенге” 21-октябрда сынып, ачылып калган люктартардын сүрөт-видеолору келген. Абалды жакындан билиш үчүн “Убада Баткендин” активисти 25-октябрда шаарчага барды. 

Чынында эле, ал жерден люктартардын сынып жатканын көрүүгө болот. Мадинанын тургундары жаш балдарды ачылып калган люктартарга түшүп кетпесин деп, үйдүн айланасын тоскон тосмолордун калдыктары менен чуңкурларды жаап коюшкан. 

«Канализация сапатсыз курулгандыктан крышалары сынып калган. Баарыбыздын жаш балдарыбыз бар, түшүп кетпесе экен деп тосмолордун калдыктары менен ушундай кылып жаап койгонбуз. Бирок бул дагы машиналардын ары-бери өткөнүнөн сынып калып жатат. Балдарыбыз түшүп кетпесе экен деп тынчсызданып жатабыз», — дейт шаарчанын тургуну Айгүл Матаева. 

 Ал быйыл апрель, май айларында кыргыз, тажик чекарачылары ортосунда болгон атышууларда жолдошунан айрылган. Ошол окуяларда курман болгон 36 адамдын урматына деп курулган бул шаарчага Айгүл Матаева да бир уул, бир кызын жетелеп, көчүп келген.

Шаарчадагы жаш балдар анын негизги жолуна чыгып ойношот, канализациянын люктары да ошол жолго курулган. “Убада Баткендин” активисти шаарчага барганда жаш балдардын ошол ачык люктардын айланасында ойноп жүргөнүнө күбө болгон. 

“Мадинанын” дагы бир тургуну Каныкей Эралиева — чек ара жаңжалында курман болгон жай тургундардын бири Доолатбек Жигитали уулунун бир тууган жеңеси. Ал канализациянын крышалары пластмассадан экенине кейигенин жашырбады. «Канализациянын крышалары пластмассадан, — дейт Эралиева. — Биз буларды атайын сындырмак белек? Машина жүрчү жолго дагы ушундай сапаттагы крышаларды коёбу, муну менин кичинекей балам да көтөрө алат. Бөлүнгөн каражатка ылайык кылып беришсе болмок». 

Убада Баткендин активисти сапатсыз курулган канализация боюнча чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлчүлүгүнө байланышкан. Бирок азырга чейин алардан так маалымат алуу мүмкүн болбой жатат. 

Быйыл 29-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 кыргыз жараны курман болгон. Алардын үй-бүлөлөрүнө 36 үй салынып, ага ошол күндөрү тажик аскерлеринин огунан мерт болгон 12 жаштагы Мадина деген кыздын ысымы берилген. 

Бул шаарча ачылганына көп болбой, анын тургундары көп шарттары начар экенин айта башташты. “Убада Баткен” жакында эле ал жерде таза суу жоктугу жөнүндө кабарлаган.

Акмарват Абдилла кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x