200 күндө кандай өзгөрүүлөр болду?

Быйыл апрель-май айларында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштар башталганына кечээ, 15-ноябрда 200 күн толду. 29-апрелде башталып, үч күнгө созулган атышууларда Кыргызстандын 36 жараны тажик аскерлеринин огунан мерт болгон эле. 172 жаран түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Курман болгондордун 25 «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайда жарылган миномёттон мүрт кеткен. Кыргызстанда ал окуяларда 140 үйлөр өрттөлүп кеткен. Ондогон үйлөр тонолуп, элдердин мал жандыктары, унаалары уурдалган. Ошол каргалашуу окуялардан соң кыргыз бийлиги Фергана өрөөнүндөгү оор чек ара абалында күн кечирип келаткан Баткен облусунун тургундарына көптөгөн убадаларды берди. “Убада Баткен” аларды дагы бир жолу эске салат.

6-майда президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда “чек ара маселеси чечимейин Тажикстанга барбайм” деп айткан. Бирок 28-29 июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапары менен барган. Эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсү алты сааттан ашуун убакытка созулган. Натыйжада чек арага байланыштуу кандайдыр бир макулдашуу же документ кабыл алынганы кабарланган эмес.

Президент Садыр Жапаров 6-майда атышуулардан жабыркаган жарандардын үйлөрү эки айда калыбына келтирилээрин убада кылган. 7-июлга карата (ошол билдирүү жасалгандан эки айдан кийин) бир дагы үй толук курулуп бүткөн эмес. Кийинчерээк август айынын аягына, андан кийин сентябрдын ортосуна, акыркы убада 10-октябрга чейин деп берилди.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө олуттуу өзгөрүүлөр болуп, керектүү техника менен камсыздаларын 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирген. 21-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшырган.

14-октябрда Баткен шаарында инвестициялык форум өткөн. Форумдун максаты, Баткен облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана айыл чарба тармагын көтөрүү экени айтылды. Аталган форумда келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлган.

Ошол форумда министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аркаруучу Акылбек Жапаров Баткен боюнча өнүктүрүү фонду түзүлүп, жыл сайын 500млн сом бөлүнүп тураарын, Баткенге түздөн-түз көңүл бурулаарын убадалаган.

“Убада Баткен” мындан ары убадалардын канчалык деңгээлде аткарылып жатканын коомго чыгарууну, эл менен бирге көзөмөлдөөнү улантат.

Акмарват Абдилла кызы,  Нурпейил Ашур кызыкеч

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x