Убада Баткен
убада баткен

Эртен, 28-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул ирет парламентте 90 депутат болмокчу. Анын 54ү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Ушул күндөрү талапкерлер үгүт иштери менен кызуу алектенип жүргөн кези. “Убада Баткен” алардын программаларында Кыргызстандагы эң олуттуу маселелердин бири – чек араны чечүү — боюнча берген убадаларына кызыкты. Бизге ушул шайлоо өнөктүгүндө байкалган негизги өзгөчөлүк — “депутат болот элем” дегендердин көпчүлүгүндө чек ара көйгөйүн чечүүгө багытталган так программасы, идеясы же сунуштаган багыты жок. Алар “чек араны чечиш керек”, “көбүрөөк көңүл бурулат” деген жалпылама сөздөр менен гана чектелген.

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) катталган 21 саясий партия жана 36 шайлоо округдарынын арасынан 8 партия жана 15 шайлоо округунан аттанып жаткан талапкерлер гана өз программаларында чек ара маселесин камтыгандай көрүнөт. Шайлоого аттанган башка партия же талапкерлер чек ара маселесине кайрылган да эмес.

Төмөндө партиялардын программаларынан чек арага тиешелүү пункттарын өзгөртүүсүз, өздөрү кандай жазган болсо, ошондой берүүнү эп көрдүк:

«Ата-Мекен»
-Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү
-Кооптуу чек ара аймактарынода жашаган тургундарга компенсация төлөө

«Альянс»
-Чек ара зоналарында эркин экономикалык зоналарды түзүү.

«Ыйман нуру»
-Калктын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздоо максатында чек ара аймактарынын аскердик жактан бекемделишине өзгөчө көңүл бурулат.

«Ынтымак»
-Чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жергиликтүү жамааттарды тартуу керек. Жергиликтүү бийлик органдарынын алдында коомдук кеңештер түзүлүшү зарыл.
-Биз чек ара жана чек аралаш аймактардагы көйгөйлөргө мамлекет тарабынан комплекстүү мамиле жасалышы керек деп эсептебиз.
-Биз Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасынын жана чек арачылардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык-турмуштук шарттарынын жакшыртууну: айлык акыларды жогорулатууну, жеңилдетилген ипотекалык насыя, кызматтык турак жайларды берүүнү колдойбуз.

«Ишеним»
-чек ара маселесиндеги чыр-чатактарды акылдын күчү менен чечкен, баарлашуу жөндөмүнө ээ, чет тилдерди, маданиятты жана ар кандай элдердин салттарын дагы билүүгө тийиш

«Улуттар биримдиги»
-Чек арага байланышкан бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү;
-Улуттук коопсуздук жана чек ара коопсуздугу боюнча концепцияларды кайрадан иштеп чыгуу;

«Ордо»
-чек ара аймактарые жана анда жашаган тургундар үчүн ар кандай жеңилдиктер жана шарттар менен атайын режим белгилениши керек.

«Улуу журт»
-Чек арадагы калкты жумуш менен камсыз кылуу менен туруктуу жашап калышына жетишүү.

Ал эми бир мандаттуу 36 шайлоо округунун жарымынан азы гана (15 шайлоо округунан аттанып жаткан талапкерлер) программасында чек ара маселесин чечүүгө багытталган убадаларды беришкен. Алар төмөндөгүчө:

№1 Лейлек шайлоо округу

Ажибаев Чыңгыз:

Чек ара коопсуздугу жана тынчтыкты камсыздоо. Лейлек районунун чек ара маселесин чечүү жана жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу көйгөй бойдон калууда. Маселеге чекит коюу – убакытты жана сабырдуулукту, юридикалык сабаттуулукту жана саясий көрөгөчтүктү талап кылат. Чек ара талаштары тынчтык жол менен гана чечилиши зарыл. Эл өкүлү катары менин башкы милдетим – лейлектиктердин тынчтыкта ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга багытталат. Бул үчүн чек араны чыңдоого багытталган “Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзамына зарыл толуктоолорду киргизүү колго алынат.

Жороев Исманали:

Мыйзамдуу түрдө бекемдөөгө зарыл болгон маселелер:- Чек ара маселеси;

Жусупов Аширбай:

1. Чек арада жашаган жарандарга толук жеңилдиктерди мамлекет тарабынан камсыздоого жетишүү. (пенсия, айлык акы, свет, суу жана салык төлөмдөрүнөн).
2. Чек ара аймагында логистикалык борборлорду куруу. Жергиликтүү элди жумуш орундары менен камсыздоо.

Имматов Ина

Чек ара аймактарынын жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
1. Чек ара аймактарынын жашоочуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана көтөрүп чыгуу.
2. Мамлекеттик чек аранын бекемделишине көзөмөл жүргүзүү.

Мукарамов Асылбек:

Чек ара маселеси: Бугунку кундо чекара маселеси ото курч турат, бул маселени жон гана карап турбастан, элдин тынч жашоосун камсыздоого болгон арекетимди жумшаймын.

Сегизбаев Мирбек:

Чек араны кайтарган кыргыз армиясынын статустарын карап чыгуу менен өлкөбүздүн кызыкчылыгы, армиябыздын кызыкчылыгы үчүн так даана мыйзам иштеп чыгуу.

Таштанкулов Касым:

Коңшулар менен чек араларды жөнгө салуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, экономикалык коопсуздук. Коррупцияга каршы күрөшкөн субъекттерди аныктоо жана аткезчилике каршы күрөштү күчөтүү. Эң негизги жана азаптуу көйгөй — мамлекеттик чек аранын белгисиздиги. Натыйжада башка көйгөйлөр пайда болот: жер үчүн күрөш, суу ресурстарына жетүү үчүн, жайыттар, айыл жергесинде жумушсуздуктун айынан жаштардын миграциясы.

№2 Баткен шайлоо округу

Абылкасым уулу Канатбек:

Чек ара чырына чекит койуу.
• Тез аранын ичинде коңшу өлкөлөр менен тынчтык жолу менен сүйлөшүп, мамлекеттин жана элдин талабындай шартта эл аралык деңгээлде маселе көтөрүп чечүү учурдун талабы.
• Чечилген жана чектелген ар бир метр чек араны замандап тосмолор менен тостурууга бүтүндөй аракетимди жумшаймын.

Аширалиев Чынтемир:

Чек арага жакын айылдардын, айрыкча Баткен жана Кадамжай райондоруна караштуу калктуу пунктардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо менен биз жалпы мамлекеттин коопсуздугун камсыздай алабыз. Бул үчүн:
— Кыргыз Республикасынын чек ара заставаларынын санын көбөйтүү жана алардын материалдык -техникалык базасын жакшыртуу.

Дайканов Максатбек:

Баткен облусунун шарты катаал, өзгөчө чек арага чектеш бардык айылдарында жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек. Социалдык объектилер, таза суу жана башка муктаждыктар чечилгенде гана караламан калк өз айылдарын таштап, башка жактан жакшы жашоо издеп кетпейт. Элге керектүү шарттарды түзүү менен ички, тышкы миграция агымын кескин азайта алабыз.

Мадалиев Асылбек:

Чек ара көйгөйлөрүн чечүүну тездетүү

Ражабалиев Нурлан:

— Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин көзөмөлдөгөн туруктуу комиссия түзүү аркылуу чек ара маселелерин чечүү;

Салихов Кеңеш:

2.Чегара маселесине өзгөчө көңүл буруш керек. Чегара чечилмеинче элдин жашоосунда кыйынчылык боло берет, чекара эки тараптуу сүйлөөшүлөр менен гана чечилет, жер алмашууга барыш керек. Чегара маселелери дайыма менин көзөмөлүмдө болот жана жакындан жардам берүүгө мен дайыма даярмын.
3.Чегарада жашаган элдерди кармап калуу үчүн социалдык жактан колдоо көрсөтүү керек, салыктардан, электроэнергиянын төлөмдөрүнөн женилдиктерди, пайызсыз насыяларды бериш керек, ушул боюнча тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу менен бирге алардын аткарылышын көзөмөлгө алам. Бүгүнкү күндө миграция өтө күчөгөн, миграцияны азайтуу үчүн жумуш орундары менен камсыздоо зарыл. Пайызы төмөн насыяларды берип, Баткен облусуна келген инвесторлорго салык жана башка женилдиктерди бериш керек. Инвесторлор жана донорлор менен тыгыз иш алып барам.

Төлөмүшөв Бегали:

Баткен районундагы эн көйгөйлүү маселелердин бири бул чек ара маселеси. Ушул маселени коңшу Тажикистан менен тынчтык жолу менен чечүүгө салымымды кошуу.

№3 Кадамжай округу

 

№ 4 Көк-Жар шайлоо округу

Бакиров Өмүрбек:

Мамлекетибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугу. Кошуна мамлекеттери менен чек ара маселесин чечүү, ошону менен бирге чек араны күчөтүү, жакын жайгашкан айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.

№ 9 Кара-Суу шайлоо округу

Абдыразаков Нурсултан:

Чек арадагы талаштарды кыска мөөнөттө чечүү

Матраимов Искендер:

Чек ара маселелерин жергиликтүү калктын пикирин гана эске алуу менен чечүү;

№ 10 Куршаб шайлоо округу

Садыков Нурбек:

КР территориялык бүтүндүгүн сактоо, чет жердеги мекендештерибизди коргоо.

Танабаев Нурлан:

Алгачкылардан болуп, чектеш мамлекеттер менен чек ара маселесин биротоло чечип, бейкапар жашоого өтүү керек;

№ 11 Алай шайлоо округу

Божонов Замирбек:

Мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу. Кошуна өлкөлөр менен чек араларды аныктоо ишин бүтүрүү. Армияны белгилүү бир деңгээлге чейин адистештирүү, аймактык коргонуу күчтөрүн бекемдөө, аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак-жай көйгөйүн чечүү.

№ 13 Сузак шайлоо округу

Кулматов Эделбек:

Чек ара маселелерин чечүү

Эгембердиев Омурбек

Толук кандуу эгемендүүлүккө жетишүү багытында чек ара маселесин дипломатиялык алкакта чечүүнү колдоо;

№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу

Атабеков Таалайбек:

Чек ара тозотторунун, кошундарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, чек арачылардын жашоо шарттарын жакшыртуу;

№ 16 Ноокен шайлоо округу

Мастаков Муса:

Отуз жылда чек ара боюнча жүргүзгөн саясаттан алыс болуу, эки мамлекеттин бирдей кызыкчылыгы менен тез арада чек ара маселесин чечүү.

№ 18 Ала-Бука шайлоо округу

Алымов Адылбек:

Чек ара маселесин чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

№ 27 Биринчи май шайлоо округу

Абдразаков Бейшенбек:

Мыйзамдуулукту сактоо, мамлекеттик коопсуздукту жана мамлекеттик чек араны чыңдоо, сот адилеттигин камсыздоо.

№ 30 Ыссык-Ата шайлоо округу

Бекитаев Мирланбек:

Обратить внимание на военное усиление приграничных территорий для обеспечения безопасности населения, чтобы полноценная служба в армии была обязательным условием приема в правоохранительные органы.

Будайчиев Дуйшомбек:

Тышкы саясат: мамлекеттик чек-аралар жонундо, олконун тышкы карызы жонундо

№ 31 Чүй-Кемин шайлоо округу

Исеналиев Эмилбек:

Мамлекеттик чек аралар боюнча талаштуу маселелерди чечүү жана бекемдөөгө салым кошуу.

Жансеитов Тынайбек:

Чрезвычайно значимо решение вопроса развития приграничных территорий, в которых экономические и социальные задачи тесно переплетаются с вопросами безопасности Государственной границы Кыргызской Республики. Для таких территорий необходимы особые программные мероприятия, стимулирующие экономическое развитие и решающие социальные вопросы.

№ 35 Ак-Суу шайлоо округу

Джумабекова Акылсайра:

Чек аранын дипломатиялык тyрдө чечилишине жетишүү;

Жогоруда берилген убадалар парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкердердин үгүт программаларынан өзгөртүүсүз алынды.

Кийинки материалдарда “Убада Баткен” талапкерлердин чек ара маселеси боюнча коомдук дебаттарда берген сунуш жана убадаларын чагылдырмакчы.

Маалымат булагы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
1 Пикир
Эски
Жаңы Популярдуу
Баарын көрүү
Динар
Динар
1 ай мурун

Чек ара боюнча бир да алгылыктуу пикир жок, мамлекет буга чейин которуп келген эле ойлор…

1
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x