Убада Баткен

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу тууралуу маалымат таратты.

Буга чейин тажик аскерлеринин ок чыгаруусунан суу ташуучу унаанын 47 жаштагы айдоочусу жабыркаганы кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргызстандын жараны КамАЗ унаасын айдап бара жаткан. Ал жол кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт.

Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскер кызматкери келип, унаасына отуруп, Тажикстандын аймагына өтүүнү талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачыларын унаасына отургузуп айдап бараткан.

Айдоочу көңүл бурдуруу үчүн жолдо келе жаткан башка унаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып, кыйкырганга үлгүргөн. Ал учурда тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу андан ары кеткен.

Бирок тажик аскер кызматкерлери КамАЗга 3 жолу ок чыгарышкан. Айдоочу айнектин сыныктарынан майда жаракат алган.

Учурда Лейлек тилкеси боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Ганчин тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Окуя болгон жерде жагдайды тактоо үчүн Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев жүрөт.

 

Булак: maralfm.kg

4 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x