2021-жыл жалпы Кыргызстан үчүн да, анын ичинде өзгөчө Баткен үчүн да оор жылдардан болду. Дегенибиз чечилбеген чек ара көйгөйүнүн айынан 36 кыргызстандык жаран тажик аскерлеринин огунан мерт кетип, 200гө жакын жараныбыз түрдүү дэңгээлде жаракат алды. Каза болгондордун арасында 5 жана 12 жаштагы бөбөктөр да бар эле. 

Апрель-май айындагы окуяларда 140 үй өрттөлүп, ондогон там-жайлар тонолуп, элдердин мал жандыктары, унаалары уурдалган. Чек арага жакын айылдарда ок атуу фактысы айына жок эле дегенде эки ирээт катталып турду. Анын акыркыларынын бири — 22-декабрь күнү Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары кыргыз жаранына ок чыгарып, 47 жаштагы суу ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган.

Жергиликтүү жетекчилерден тартып өлкө башчыларына чейин быйыл Баткен элине берген убадалары жылдагыдан да көп болду. Анткен менен ал убадалардын ичинде аткарылгандары жүрөк жылытарлык эмес. Дал ошол бийликтин элге коогалаңдан соң жаадырган убадаларын эсепке алып, алардын аткарылышына жарандык көзөмөлдү күчөтүш үчүн быйыл биз, баткендик активисттер, “UBADA BATKEN” долбоорун баштадык.

Ушул убакытка чейин UBADA BATKEN тизмектеген 10 негизги убаданын экөөсү гана толук аткарылды. Негизги көйгөй болгон чек араны тактоо маселеси бир кадам да алдыга жылган жок! Демек, чар тарабын Тажикстан менен Өзбекстан курчаган кичинекей облустун эли коркунучтун барымтасында жашоосун улантууда! 

UBADA BATKEN ишин баштаганына 246 күн болду. Ушул убакыт ичинде биз чек ара аймактарында коркунучта жашаган элдин турмушунан ондогон маанилүү проблемаларды көтөрүп, алардын убагында чечилишине жардам бере алдык. 

 

 

Биз эл башчыларынын оозунан айтылган убадаларды тизмектөөнү, алардын аткарылышын талап кылууну келерки Жаңы жылда дагы уланта беребиз. Биздин аракет чек арада кыйын турмуштан чарчаган элдин кызыкчылыгында коомдук көзөмөлдү күчөтүү!

Алдадыга Жаңы жылда элибизге бакубат жашоо тилейбиз. Берилген убадалар аткарылып, асманыбыз ачык, заманабыз тынч болсун!

Сиздердин, UBADA BATKEN

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x