27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Ал эртеси күнү эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана токтогон. Чек араны бойлой жайгашкан айылдардын миңдеген тургуну кайрадан убактылуу башка жакка качканга мажбур болду. Мунун баары былтыр апрелде болгон окуяны эске салды. Ошол былтыркы кандуу окуялардын кайталанышынан корккон энелер жаш балдарын көтөрө башка айылдарга качканга мажбур болушту. “Убада Баткен” ошол энелердин айрымдарынын баянын укту.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Орозбаева Гулсана (аты-жөнү өзгөрүлүп берилди) окуянын  башталганын, алар кантип качканын айтып берди. 

“Окуя кечки саат 7лерде башталган. Ага чейин биз кызым менен жаш балдарды алып, үйдүн экинчи кабатына чыкканбыз. Бир маалда эле «даң!» деген үндөр чыгып, этаждын айнектеринен тажиктердин окторунун учуп жатканын көрүп, светтерди өчүрүп ылдыйга түштүк. 5-10 минут эмне кылабыз деп үйдө отурдук. Кырдаал барган сайын күчөп бараткандыктан 4-5 жаш баланы көтөрүп алып, өзүбүздүн айылдагы төрт көчөгө келдик. Ал жердеги кишилер мектепке баргыла деди, ошол жакты карай жөнөдүк. Боронов көчөсүндө дагы эки киши турган, алар “бул жакка кирип отуруп тургула” деп бир үйдү көрсөттү. Үйгө барсак, адам көп экен. Жаш балдар менен ошол жердеги банянын артына жашынып, бир сааттай отурдук. Жаш балдар да, өзүбүз да үшүп калдык. Тажиктердин октору тушубуздагы чоң таштарга тийип, биз жака чекип келип атты. Ананыраак үйгө кирдик, үйдүн ичи ызы-чуу. Жарым сааттан кийин, сыртта жүргөн кишилер “бул жер дагы кооптуу болуп калды сиздерди башка үйгө алып барабыз” деп, башка үйгө алып барышты. Ал жерде 50-60 адам отурдук”. 

Гүлсана ошол экинчи үйгө кечки 9дарда барышканын кошумчалады. Жергиликтүү бийликтен адамдар түнкү бир жарымда келип, андан ары таңкы 4тө Баткенге алып келишти дейт. 

“Биз негизги жол менен келе албадык, анткени Баткенге бара жаткандагы Кара деген жерди тажиктер ээлеп алган. Ошол жерге чыгып алып эле жолдон өткөндөрдү ата беришет. Алдыңкы урушта да ошол жерден көп адамдар көз жумган. Көчө-Карын деген каналдын үстүнөн кыргыздар жол ачкан, ошол жол менен 3-4 саатта келдик. Бизди В.И.Ленин мектебине алып келди, мектеп толуп калганынан №57-лицейге түшүрүштү”. 

Гүлсана өзү, кызы жана келини бирден жаш баланы кучактай үч башка машина менен эптеп Баткенге жеткенин айтат. 

“Биздин үй Дам арык деген тажиктердин арыгынын үстүндө орун алган. Дам арыктын астына 20 метрдей 2 күн мурда окопторду казышканы бизге көрүнүп турган эле, — дейт ал. — Тажиктер аялдар менен балдарды урушка чейин айылдан чыгарып, анан ата башташкан. Тажиктер биринчи эле күчтүү ок (миномёт) менен атып баштады. Алардын максаты Көк-Ташты алыш экен да… Суунун башы…  Бул окуяларга булардын президентинин да тиешеси бар окшойт. Болбосо эл мынчалыкты каалабайт болчу», — дейт баткендик жай тургун. 

Буга кошумчалап, Орозбаеванын келини Жолдубай кызы Айсалкын (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди) буларды айтып берди:

“Кайненем жана кайынсиңдим балдарымды алып этажга чыгышкан. Мен үй иштеримди бүтүрүп, өзүм мектепте мугалим болуп иштегендиктен, эми эле сабакка даярданганы отургам. Бир маалда «тарс-турс» башталып, этаждагылар да окторду көрүп коркуп кетишти. Октор терезеден кирет деп, анын тушуна турбай отуруп калдык. Абал курчуп кеткендиктен, жаш балдарыбызды алып качып жөнөдүк. Октор кадимки жаандай жаап жатты. Караңгы болгондуктан үстүбүздөн өтүп жатканы көрүнүп турду”, — дейт Айсалкын. 

Ал былтыр апрелдеги окуяда күн жылуу болгондугун эми сезгенин кошумчалайт. “Чилденин суук күнүндө ары-бери жака көчүп жүрүш аябай оор экенин эми сездим”, – дейт жаш келин. 

“Үстүбүздөгү эле кийимибиз менен качканбыз. Жаш балдарга кошумча кийим алганга деле жетишпей калдык. Атышуу күчөп баштады. Баарыбыз үшүп, тоңуп калдык. 10 айлык кызым бар колумда. Октор ташка тийип, кайра биз жака учат. Өтө коркунучтуу болуп кетти. Ушул жерде өлөт окшойбуз деген гана ойдо болдум. Свет жок, балдарым октордон коркуп титиреп, ыйлап жатты…

Жардам сурадык, объезд менен келгендиктен, кечигип жатты. Үстүбүздөн дрон учту. Миномёт кызыл болуп келип жатканы көрүнүп, үйдүн айланасына эле түшүп жатты. Эч кимди телефонду жандырбоого чакырышты. Анткени жарыкты көрүшсө, ошол жерди атышат деп корктук. Свет уруш башталганда эле өчкөн. Объезд жол жаңы ачылгандыктан, жол жаман, аскерлерди ташый турган үстү ачык жүк машина менен келдик,» — дейт Айсалкын Жолдубай кызы. 

Бул — чек арадагы октон качкан бир эле үй-бүлөнүн баяны. Ал күнү кооптуу аймакка жакын жайгашкан 11 052 адам коопсуз делген башка жактарга көчүрүлгөн. “Убада Баткен” башка да адамдардын баянын айтып бергенге аракетин уланта бермекчи.

Акмарват Абдилла кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x