Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Жогорку Кеңештин жыйыны болуп өттү. Жыйында «Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев Министрлер кабинети жакында Баткенде көчмө жыйын өткөрөрүн , ошондуктан бардык сунуштарды камтыган токтом кабыл алуу керектигин айтты.

Токтомдо республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аймакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо сунуштары жазылган.

Андан тышкары жол салуу , социалдык мекемелердин имараттарын куруу, сугат жана таза суу маселелерин чечүү, инвестиция тартуу , аба каттамдарын көбөйтүү өңдүү сунуштар берилип , токтомго аларды чечүү багытындагы демилгелер киргизелери белгиленди.

Талкуу убагында демилгени колдой турганын, бирок «Токтомдун биринчи пунктуна «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам кыйшаюусуз аткарылсын»- деп кошумчалады.

Мындан тышкары бир катар сунуштар айтылып, жыйынтыгында депутаттардын пикирлерин эске алуу менен токтом кабыл алынды.

Булак: Марал ФМ

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x