Москва полициясы Тажикстандын өтүнүчү менен кыргыз жаранын кармады

Өткөн аптанын шаршембиси, 23-февралда, Москва полициясы Тажикстандын суроо-талабы менен Замирбек Досматов аттуу кыргыз жаранын кармаган. Бул тууралуу Азаттык басылмасы жазып чыкты.

 

Досматов 23-февралда кармалганын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да ырастады. Мындан сырткары, элчилик Досматовго козголгон кылмыш иштин бурмаланганын жана тагылып жаткан айыптын негизсиз экенин тастыктаган документтер даярданып жатканын кошумчалады.

 

Кыргыз жараны кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кармалганы айтылууда.

 

Элчиликтин маалыматына караганда, Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Досматов Орусияда болгону аныкталган. Учурда анын укугун коргоо аракети жүрүп жатканы кабарланды.

 

Кармалган жарандын жакындары ал 2017-жылдан бери Кыргызстанга келе электигин билдиришүүдө.

 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Досматовдун жагдайы өзгөчө көзөмөлгө алынганын, аны бошотуу аракети жүрүп жатканын кабарлады.

 

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй, коё берилген.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле 2021-жылдын апрель айынын соңундагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү ар түрдүү жаракаттарды алган. Тажикстан тараптан да 19 адам мерт болуп, 87си жарадар болгон.

Эки тараптан тең ондогон үйлөр, жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

 

Кыргыз-тажик чек арасында соңку жаңжал быйыл 27-январда да кайталанды. Бул жолку атышуудан Кыргызстандын 13 жараны жараат алса, Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда 10 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Макаланын автору: Акмарват Абдилла кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү