«Абал турукташты дегенге ишенбейбиз…». Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, 12-апрелде саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Окуя Селкана жерлигинде болгон.

Натыйжада тажик тараптан бир аскер жаракат алса кыргыз тараптан бир аскер, бир жай тургун жаракат алган. Жарадар болгон кыргыз аскери Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип операция жасалды, жаракан алган тургунга медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө чыгарылган.

Чырдын чыгуу себеби катары тажик чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына 20 метрдей кирип келиши айтылды. Аларды токтотуу максатында кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Жооп кылып тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарышкан.
Ок атылганын уккан жергиликтүү тургундар, буга чейинки айларда бир канча жолу кайталангандай эле, башка жактарга кача башташкан.

Алардын бири, өзүн “Убада Баткенге” Сада айылынын тургуну деп тааныштырган Зулкумар аттуу аял да үй-бүлөсү менен коопсуз жайга баш калкалоо үчүн Сададан чыгып кеткен.

«Биз азыр Ак-Арык айылында жолдошумду күтүп отурабыз, — деди көзүнө жаш алган Зулкумар. — Күйөөм чоң уулумдун балдарын алып келип жаткан. Алар азыр Раззаков айылындагы кызымдын үйүндө. Менин алты уул, бир кызым бар. Баатыр энемин. Бир балам биз каршы болгонубузга карабай «военныйга» ишке кирген. Азыр ошол Максат деген жакта жүрөт. Келиним эки баласы болуп биз менен, кичүүсү эки айлык ымыркай».

“Сададагы көпчүлүк тургундар былтыргы апрель-май айындагы уруштан кийин Бишкекке көчүп кетишкен. Калган тургундар да коопсуз жайга чыгып кетишти. Азыр үй-жайыбызды толук таштап кетип атабыз, мурдагы урушта эки үй-бүлөлүү балам менен турган үйүбүз күйүп кеткен эле”, — дейт ал.

“Биз абал турукташты дегенге ишенбейбиз, анткени тажиктер «токтоду» деп туруп, кайра ата беришет. Быйыл январдагы окуяда да токтотулду дегенге карабай ок чыгарышкан эле.

Өкмөттөн эвакуация болгонго чейин эле мүмкүнчүлүгү барлар коопсуз жайларга чыгып кетебиз. Тажик тургандарынын үйлөрү менен биздин кээ бир үйлөр өтө жакын жайгашкан. Биз коркуп калганбыз. Уруш чыкты дегенче, көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөй документтерди алып качып жөнөйбүз. Азыр онго жакын адамбыз, күйөөм неберелерибизди алып келсе, Исфанага портер менен кетебиз. Күйөөм бул жерде калат. Абал оорлошуп кетсе, артыбыздан барабы? Билбейм… Мындан кийинки абал кандай болот эч нерсе айта албайм. Тынчтык эле болсо экен»- деди бизге Сада айылынын тургуну Зулкумар.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда чек ара чырлары, аскерлердин бири-бирине ок чыгарып, жергиликтүү тургундардын убактылуу жер которушу соңку жылдары тез-тез кайталанып турат. Алардын эң ириси былтыр апрелдин аягында болду эле. Баткен, Лейлек райондорунун бир нече айылына чабуулдар болуп, жүздөгөн үйлөр өрттөнүп, снаряддар атылган. Ондогон жарандар, алардын ичинде аскерлер жана жай тургундар, мерт болгон. Он миңдеген жай тургундар башка жактарга эвакуацияланган. Андан берки чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр эч кандай маанилүү натыйжа бере элек.

12.04.2022
23:30

Сүрөт Спутник агенттигинен алынды.
Авторлор: Акмарват Абдилла кызы
Нурпейил Ашур кызы

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү