Убада Баткен

Тажик агрессиясына 365 күн

Былтыр апрель-май айларында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы Тажикстан менен чектеш айылдарда 50 миңге жакын адам үйүн таштап коопсуз аймакка көчүүгө мажбур болгон. «Убада Баткендин» жаралышына себеп болгон ошол кандуу кагылышка бүгүн бир жыл болду. «Убада Баткендин» активисти бир жыл ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу окуяларга көз чаптырат.

Кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын 28-апрелинде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган жаңжал куралдуу кагылышууга айланып, кийин бул окуялар жалпы регионду дүрбөлөңгө салган.

 

Чырда тажик тарап мамычалардын бирине байкоочу камера орнотууга аракеттенгени маалым болгон. Буга кыргызстандыктар каршылык көрсөтүп, эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаганы маалым болгон.

 

Куралдуу жаңжалдын башталышы

Чырдын башталышы, Тажикстан тарабынан тартылган сүрөт. Сүрөт: Мирзосодик Сангинов

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасашкан. Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны окко учту, арасында жай тургундар, жаш балдар да бар эле. Маселен, көз жумгандардын арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе да болгон.


Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

 

 

Лейлек районунун Интернационал айылы. Алтын күз. Бул айыл чек арадагы куралдуу жаңжалда шейит кеткен 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын кичи мекени.
Сүрөт:Тойчубек Боромбаев/kloop.kg

Ири жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталып, анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши набыт болгон.

 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объекти жабыркаганын маалымдаган.

 

Ок атууну токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин жетишилген.

 

«Аскердик агрессия»

  

3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен ага чейин өздөрү турган туруктуу жайына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

 

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле, учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө колдоо көрсөткөн эмес.

 

Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, 11 сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген.

 

Сания Токтогазиеванын арызы

 

Юрист Сания Токтогазиева 2021-жылдын 6-июнунда Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылган фактылары боюнча Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна арыз жолдогон. Бул тууралуу Токтогазиева фейсбук баракчасында билдирген.

Скриншот: Сания Токтогазиеванын фейсбук баракчасынан

«Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм», — деп жазган Токтогазиева.

 

Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Убада Баткен
КРнын президенти Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы былтыр 28-апрелде башталган куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына карата анда курман болгондорду эскерип кайрылуу жасады. Анда бул күндөр өлкөнүн эгемен тарыхында эң кайгылуу, оор күндөр катары элдин эсинде калганын белгиледи. Жаңжалда мерт болгондордун жакындарына, жараат алып, жабыркагандарга коомчулук, мамлекет колунан келген жардамын бергенин жазды. Ошондой эле Баткен облусунун өзгөчө макамына ылайык, аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн атайын план-программалар даярдалганына токтолду.

 

«Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. 

Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да уланат! Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. 

 

Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар», — деп айтылат кайрылууда.

 

Кыштын ызгаар күнүндө октон качкан энелер

 

Кыргыз-тажик чек арасында чатактар ушуну менен токтоп калган жок. Жыл айланбай жатып майда конфликттер орун алып, апрелдеги окуядан кийин куралдуу кагылышуу эки ирет кайталанды. Экөөндө тең Кыргызстан тажик тараптын аскердик кол салуусуна кабылганы айтылды. 

 

Быйыл 27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Ал эртеси күнү эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана токтогон. Чек араны бойлой жайгашкан айылдардын миңдеген тургуну кайрадан убактылуу башка жакка качканга мажбур болду. Мунун баары былтыр апрелде болгон окуяны эске салды. 

 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январда Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдайт.

 

Тажик жарандары таштарды Баткен — Исфана авто жолуна түшүрүп жолду саат 17:30дан 18:00ге жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууга байланыштуу Баткен районунун айылдарынан 24 237 тургун эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-январда билдирген. 

 

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам денесинен түрдүү жаракат алышканын кабарлаган.

 

«Тынчтыкка каршы кылмыш»

Сүрөт:ИИМдин басма сөз кызматы

Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлиги Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылындагы чырга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

 

Министрликтин маалыматына караганда, 27-январда саат 18:00 чамаларында Көк-Таш жана Тажикстандын Сомониён айылдарынын ортосундагы такталбаган аймакта коңшу өлкөнүн жарандары курулуш иштерин баштаган. Ал арада Кыргызстандын чек арачылары келип, иштерди токтотууну талап кылышкан.

 

«Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош — Исфана унаа жолу менен Исфара — Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен», — деп билдиришкен ИИМден.

Иллюстрациялык сүрөт

Ок атышуудан улам 27-январда Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган. Энергетика министрлигинен буга тажик тараптан ок атылганы себеп болгонун айтышат.

 

28-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарындагы электр чубалгылар калыбына келтирилип, тургундарга электр энергиясы берилген.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан жана Тажикстан 28-январда кечки убакытка чейин аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарып кетүүнү макулдашканын билдирди.

 

«Чек арада бир гана Чек ара кызматы жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын керектүү органдары калат. Кече болгон жаңжалдан кийин өздөрү деле сабак алып калышты го, демек булар дагы [макулдашууну] аткарууга мажбур болушат деген ойдомун», — деди Ташиев.

«Абал турукташты дегенге ишенбейбиз»

Сүрөт: Тойчубек Боромбаев/kloop.kg

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу катталганын маалымдаган.

 

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

 

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

 

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

 

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын кабарлаган. Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.

 

Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун билдирген.

 

Кийинчерээк саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганы айтылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган. Тараптар жолугуп, кошумча күчтөрдү артка кайтаруу макулдашылган.

 

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 13-апрелге караган түнү Кыргызстандын «Кулунду-автожол» көзөмөл өткөрүүчү жайы менен Тажикстандын «Овчи-Калача-автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинин ортосунда уланган.

 

Андан соң 13-апрелде саат 11:00дөн 12:30га чейин Лейлек районунун Селкана аймагында Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолугуп, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу макулдашылган.

 

Чек ара чырынан улам Баткен жана Лейлек райондорунун 18 507 тургуну эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышкан.

 

Куралдуу чырда жалпы алты кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкен.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталды»

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон
Коллаж: Нурпейил Ашур кызы/ubada-batken.com

Кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашты.

 

Былтыр апрель-майдагы кандуу окуялардан кийин жергиликтүү эл бийликке бир топ талаптарды койгон. Алардын ичинде чек арадагы жаңжалдарга негизги себеп катары чек аранын азырга чейин тактала электиги айтылган болчу. Эми ошол былтыркы трагедиянын бир жылдыгы алдынан 16-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастады. 

 

Садыр Жапаров өзүнүн билдирүүсүндө, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселеде жылыш бар экенин, бирок тактоо иштери жай жүрүп жатканына токтолду.

 

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км. чек ара тилкеси бар. Анын 664 км. тилкесин такташып бүттүк. 308 км. калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”, — деди президент.

 

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон да жекшембиде Исфарадагы сапары учурунда тилкелерди тактоо иши алдыга жылганын белгиледи.

 

«20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды»,- деген Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин айтты.

 

“Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияга алдырбоо зарыл”, — деди Рахмон. 

 

Анткен менен эки президенттин тең билдирүүлөрүнөн акыркы бир жыл ичинде чекаранын канча чакырымы аныкталганы беймаалым калды. Анткени экөө тең жалпы чекарада азырга чейин аныкталган 664 чакырым тилке жөнүндө айтышканы менен, анын канчасы былтыркы трагедиядан кийин такташылганы нактыланбаган. 

 

“Убада Баткен” тобу былтыр дал ушул Баткен трагедиясынан кийин жергиликтүү активисттер тарабынан түзүлгөн. Биздин максат — жылдар бою Баткен элине берилип келаткан убадалардын аткарылышын жарандык көзөмөлгө алып, алар жөнүндө элге маалыматты ачыктап туруу. Чек арадагы эл куру убададан чарчаган. Бийлик ар бир убадасына, милдеттемесине жоопкерчиликти алышы керек. 

 

Автор: Нурпейил Ашур кызы 

 

 

 

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x