Убада Баткен

Баткен трагедиясын эскерүү Мадинадан башталды

Кечээ, 29-апрель күнү, Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында болгон былтыргы кандуу кагылышууда набыт болгон жарандардын жакындарына салынган Мадина шаарчасында маркумдарды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу  президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Убада Баткенге” кабарлады. 

Эскерүү иш чарасынын биринчи бөлүгүнө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президентинин атайын өкүлү Кайрат Кушбаков, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары, Министрлер Кабинетинин бир катар жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй бүлөлөрү, жакындары, ошондой эле, былтыр атышууларда жараат алган айрым жарандар катышты.

Сүрөт: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөп, 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу үчүн эстен чыккыс тарыхый, оор күн болуп калгандыгын эскерди. «Каза болгон 36 жарандын Мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт, — деди Алимбаев. — Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын”.

Ошону менен катар Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана президент Садыр Жапаровдун атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабырдуулук каалады.

Сүрөт: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Андан соң  Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев да өз сөзүндө шейит кеткен эр азаматтардын жакындарына көңүл айтып, өлкөдө тынчтык болуусун тилек кылды.

Ошентип, Мадина шаарчасындагы эскерүү иш чарасы курман болгон маркумдардын урматына куран окуу менен аякталды. 

Алардын жакындары президентке жана көмөк көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылыгын билдирүү менен мындай трагедиялуу окуя өлкөдө кайра дагы кайталанбашы үчүн чек ара маселеси эртерээк чечилсин деген тилектерин билдиришти.

 Ошондой эле президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Минкабдын жетекчилерин жаңа министрлерин Мадина шаарчасы менен тааныштырып чыкты. 

Иш-чара андан ары президенттин атынан уюштурулган ооз ачар аземи менен улантылды. 

Сүрөт: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Мындан туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 28-апрелинен тарта 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар болуп, жалпысынан 36 кыргыз жараны көз жумган, 170тей адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн арасында жай тургундар, жаш балдар да болгон. Алардын үй-бүлөлөрүнө Президент Садыр Жапаров демилгелеп, “Каганат-инвест” жана  “SMA group” курулуш компаниялары тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына заманбап үйлөр салынып, шаарча курулган. Шаарча тажикстандыктар а 0№0тарабынан куралдуу кол салуу учурунда каза болгон 12 жаштагы Мадина юля Рахматуллаеванын элесине арналып, “Мадина шаарчасы” деп аталган. 

Кече 29-апрель Баткен шаарында былтыркы кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышууда набыт болгон жарандардын жакындарына салынган Мадина шаарчасында маркумдарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Эскерүү саамалыгы эки бөлүктөн турду. 

Бул тууралуу  президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Убада Баткенге кабарлады. 

Эскерүү иш чарасынын биринчи бөлүгүнө Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президентинин атайын өкүлү Кайрат Кушбаков,  Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары,  Министрлер Кабинетинин бир катар жетекчилери  жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана  чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй бүлөлөрү, жакындары  ошондой эле 173 жарат алган жарандардан да катышты. 

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөп, 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу үчүн эстен чыккыс тарыхый, оор күн болуп калгандыгын эскерди. 

«Каза болгон 36 жарандын Мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын”-деди Алимбаев. 

Ошону менен катар Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана президент Садыр Жапаровдун атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабырдуулук каалады. 

Андан соң  Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев да өз сөзүндө шейит кеткен эр азаматтардын жакындарына көңүл айтып, өлкөдө тынчтык болуусун тилек кылды.

Ошентип, Мадина шаарчасындагы эскерүү иш чарасы  курман болгон маркумдардын урматына куран окуу менен аякталды. 

Алардын жакындары президентке жана көмөк көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылыгын билдирүү менен мындай трагедиялуу окуя өлкөдө кайра дагы кайталанбашы үчүн чек ара маселеси эртерээк чечилсин деген тилектерин билдиришти. 

«Ошондой эле президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Минкабдын жетекчилерин жаңа министрлерин Мадина шаарчасы менен тааныштырып чыкты. 

Ал эми саамалыктын экинчи бөлүгү президенттин атынан ооз ачар аземи менен улантылды. 

Эске салсак 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейинки кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта 36 кыргыз жараны көз жумган. Алардын үй-бүлөлөрүнө Президент Садыр Жапаров демилгелеп, “Каганат-инвест” жана  “SMA group” курулуш компаниялары тарабынан заманбап үйлөр салынып, шаарча курулган. Шаарча тажикстандыктар тарабынан куралдуу кол салуу учурунда каза болгон 12 жаштагы Мадина Рахматуллаеванын элесине арналып, Мадина шаарчасы деп аталган. 

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын апрель-май айларындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 140 үй жараксыз абалга келип, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Акмарват Атамалиева

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x