Убада Баткен

Мадина шаарчасынын жашоочулары 36 жаранга арналып курула турган эстеликти шаарчага курулуусун жергиликтүү бийликтен талап кылды. 

Тургундар эстеликти  шаарчанын жанындагы атайын ФАП (фельдшердик-акушердик пункт), бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн жерге тургузуп беришсе деген ойлорун “Убада Баткенге” билдиришти. 

«Эстеликти Мадина шаарчасына курушса жакшы болмок. Биздин (шаарчанын) артыбыздагы тегизделген жерге эстеликти куруп, айланасына балдарыбызга балдар аянтчасын кошо куруп беришсе. Балдар ойногону барганча, аталарынын эстелигин көрүп, «менин атам баатыр болгон» деп эстеп жүрүшүнө да жакшы болмок. Эгер көл (Төрткүл суу сактагычы) жакка курулса, чынында биз бара албайбыз, жылына бир жолу барабыз, ошону менен ал жакка эч ким баспайт. Тез-тезден барып турганга жол алыс, ыңгайсыз болуп калат. А бул жерде каза болгондордун үй-бүлөлөрү жашайт. Эртели-кеч чөп чыкса чөбүп отоп, чаңын аарчып, тазалыгын өзүбүз карайт элек. 

Бак-дарак тигилсе да суусун куюп көгөртүп отурат элек. 36 баатырдын үйүн бул жакта, эстелигин ал жакта кылбай эле бир тарапка кылып беришсе дейбиз», — дейт чек арада каза болгон жай тургун Айтбай Кудайбердиевдин жубайы Айгүл Матаева. Ал азыр Мадина шаарчасында бир уул, бир кызы менен турат. 

Дагы бир каза болгон жай тургун Чыңгыз Темировдун жубайы Нуркан мындай дейт: «Менин кичүү балам ошол окуя болгондо 15 күндүк эле. Ал атасын билбей калды. Эгер эстелик Мадина шаарчасына курулса, балдарым эстеликти көрүп атасынын баатырларча курман болгонун, баатырдын уулдары экенин сезип чоңоюшса дейм.» 

Эстеликтин Мадинага курулушун каалаган Медербек Камчиевдин жубайы Карачач Азамжан кызы эмне үчүн шаарчага тургузулушун каалап жатканын мындайча түшүндүрдү:

«Бул жерде жашагандардын көпчүлүгүнүн балдары жаш. Алар аталарынын мекенди коргоймун деп курман болгонун билип чоңоюшса экен дейбиз. Ошондуктан эстеликти шаарчанын артындагы балабакча, ФАП, балдар аянтчасы үчүн бөлүнгөн жерге куруп беришсе деп суранат элек. 

Бизге Баткен-Раззаков трассасынын боюна курулат дешкен. Бирок биз эстеликти Мадина шаарчасына эле тургузуп беришин каалайбыз. Анткени ал баари бир трасса, ар кандай адамдар бар, эстелик тургузулуп бүткөндөн кийин аны талкалап кетиши мүмкүн. Бекер эле кароосуз калат.

Эгер Мадинага курулса, биз үчүн да, балдарыбыз үчүн да жакшы болмок. Эстеликти көргөн сайын балдарыбызда аталарына болгон сүйүү артып, алардын элесин унутпай, сыймыктанышмак. Алар да патриоттуулукта тарбияланмак. Эстелик менен кошо балдарга да

бир аз болсо да ойногонго аянтча салып беришсе жакшы болмок. Бирок эч эле болбоду дегенде кийинчерээк да эстеликтин айланасын акырындап толуктай берет элек.» 

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы массалык кагылышуунун бир жылдыгын белгилөө иш чарасы Мадина шаарчасында өткөн. Иш чаранын жыйынтыгында облус башчысы Абдикарим Алимбаев курман болгондордун урматына эстелик курула тургандыгын айтканын жергиликтүүлөр Убада Баткенге тастыктады. 

Ал эми Баткен облустук администрациясы эстелик боюнча документ иштери бүтө электигин ал жерге бир катар тиешелүү тармактардын корутундусу керек экенин билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматы шаарчанын жогорудагы сунушуна үн каткан жок.

«Эстелик боюнча документ иштери бүтө элек, себеби ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, архитектуранын жана башка тиешелүү тармактардын корутундусу керек. Учурда Баткен шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү тармактарга өтүнмөлөр  берилип, иш жүрүп жатат. Азыркы учурда Баткен-Раззаков трассасынын боюна жер аныкталган, бирок толук берилип аныктала элек. Тиешелүү тармактардан толук жооп болушу менен дароо курулуш иши башталат”, – деп билдирди Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова.

Ал эми Баткен шаарынын мэриясы Убада Баткенге эстелик куруу иштери боюнча облустук администрация жооптуу экенин мэрия болгону эстеликтин монументинин эскизине конкурс уюштуруп, эстелик үчүн 100 метр кв жер бөлүп бергенин билдирди.  

«Баткен шаардык мэриясы эстелик монументтинин  эскизине конкурс жарыялап, шаардык мэрия 5000 сом конкурстун жеңүүчүсүнө гонорар катары бөлүп берген. Жыйынтыгында, комиссиянын чечими менен Калматов Абдисапа деген сүрөтчү-скульптордун эмгеги жеңип чыгып, эскизи тандалып алынды.

Андан тышкары Баткен шаардык мэриясынын токтому менен Баткен шаарынын батыш тарабынан 100 метр кв жер бөлүнүп берилген. Ал жердин эмнеге тандап алгандыгы, эстеликти каржылоо, тургузуу иштери облустук администрация тарабынан ишке ашып жатат.”– деп билдирди  Биткен шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Данияр Ульмасов. 

Былтыр кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кол салуудан каза болгон жарандардын жакындарына салынган үйлөрдүн курулуш иштери аяктап,  2021-жылдын 16-сентябрында ачкычтары тапшырылган. Ал шаарчага каргашалуу окуяда курман болгон 12 жаштагы Мадина Рахматуллаеванын ысымы берилген болчу. 

Эстелик боюнча Мадинанын тургундарынын суранычына бийликтер кулак түрөбү? Бул окуянын кандай өнүгө турганын “Убада Баткен” кабарлап турат.

Акмарват Атамалиева

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x