Introduction: Быйыл 30-августта “Убада Баткендин” активисти Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев менен маектешти. Маек жалпысынан 2021- жылы апрель-май айларында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин бир жыл ичинде кандай иштер аткарылганын, берилген убадалар канчалык деңгээлде аткарылып жатканы тууралуу болду.

Убада Баткен: Сиздин облус башчылыгына келишиңиз облус эли трагедиядан катуу кайгырып турган учурга туш келди. Элге көп убада бердиңиздер. Ошондон бери жергиликтүү элдин турмушун жакшыртыш үчүн ошол убадаларыңыздын кайсынысын толук аткара алдык деп айта аласыз? Мүмкүн болсо бир-экөөсүн атап өтсөңүз.


Абдикарим Алимбаев: Биз сиздер менен иштешкенге дайым даярбыз. Себеби президенттибиз Садыр Нуркожоевич (Жапаров – редактор.) “эл менен жакын болгула, бүт маалыматты берип тургула” деп көрсөтмө берген. Баткен областында эл менен өтө жакын иштеп жатабыз. Ошону менен бирге журналисттер болобу, кимде суроо болсо, баарына биздин эшигибиз ачык. Ар бир ишибизди ачык-айкын айтып турабыз. 2021-жыл апрелдеги чек ара чатагы бир эле Баткен облусу үчүн эмес, жалпы Кыргызстан үчүн өтө оор болду. Ошол трагедияда 36 жараныбыз каза болду, жүздөн ашык үйлөр күйдү, тонолду, мал-жандыктар жоголду, ишкерлердин бизнестери күйдү. Аябай трагедиялуу окуя болду. Ошол учурда мени облуска жетекчи кылып дайындады. Мен үчүн жумушту баштап кетиш, маселелерди чечиш өтө оор болду. Анткени элдин талаптары да, кырдаалы да өтө оор болуп турду. Чынында эле Баткен облусу эң жаш облус болгонуна байланыштуу облуска мамлекет тараптан толук көңүл бурулган эмес. Элдин экономикасын жакшыртуу, элди колдоо, миграцияны токтотуу, чек араны чечүү маселелери каралбай калган. Аны бүгүнкү күндө элдер баары эле билип турат. Ошонун баары топтолуп ушундай бир чыр-чатакка айланып кетти. Ошол чырдан кийин мунун баарын жөнгө салуу оорго турду. Областын жетекчиси катары мен кол астымда иштеген райондун, шаарлардын жетекчилери жана жалпы эл менен бирге 2021-жыл талыкпай иштедик. Муну баары билип турду. Биз Баткенден чыкпай калдык. Чек арага жакын айылдардан чыкпай, эл менен бирге болуп, эл эмне жесе, ошону жеп, курулуштарда жүрдүк. Негизги маселелердин бири — коогалаңдардан кийин чек арадагы айылдарды, жалпы чек араны стабилдештирүү, элди өз үйлөрүнө кайтаруу болчу. Тажик мамлекетинин жергиликтүү бийликтери менен, чек арачы күч структуралары менен бирге иштеп, элдин коопсуздугун сактоого аракет кылып турдук. Өзүбүз барып чек арада жашап, чек арадагы күчтөрдү топтоп, элге коопсуздукту камсыз кылып берип турдук. Андан кийин элдин жүздөн ашык үйү күйүп талкаланып кеткен, муну кайра калыбына келтирүү жумуштарын жасадык. Президентибиздин демилгеси менен Лейлек районунда 100, Баткен районунда 40 үйдү куруп бердик.




Бул үйлөр боюнча азыр ар ким ар кандай деп жатышат. Бирок ошол учурда бул үйлөр бизге керек болгон. Себеби элдин кышында кыштаганга үйү жок болчу. Үйлөр болбогондо кышты кайсы жерде өткөрмөк эле? Менимче, кирпич, же башка нерсе менен куруп баштаганда, кышка чейин жетишмек эмеспиз. Биз интернеттен тынбай карадык, биз салып берген үйлөр суукта да, ысыкта да плюс-минус 50 градус температураны кармайт экен. Биз ушул үйлөрдү куруп, 140 үйдү толугу менен колдонууга өткөрүп бердик.


Үчүнчү маселе элдин мал жандыктары, машиналары ж.б жоголгон, буга комиссияларды түздүк. Ар бир райондун өзүнүн комиссиясы иштеп, ал жерден үйдүн ээси менен сүйлөшүп, үйдүн ээсинин да колун койдуруп, ошол жердеги элдин канча зыян тартканын эсептеп чыктык. Жалпысынан жабыр тарткан элге мамлекеттен 84 млн 400 сом каралып, элге таркатып бердик. Андан сырткары, үйү күйгөндөргө 250 миң сомдон берилди.

Төртүнчү маселе бизнестери күйгөндөргө 14 млн каралып, 200 миң сомдон пайызсыз кридиттер, 200 миң сомдон компенцасия катары төлөп бердик.


Андан кийин бешинчи маселе — Максат айылы. Ал жерде мектептер күйүп кеткен, көчөлөрү, жолдору өтө начар болчу. Максат айылы жаш айыл болгондуктан жана чек арага жакын жайгашкандыктан, тургундар биз бул жакта жашабайбыз, эч кандай шарт жок дегендиктен, заманбап айыл катары инфраструктурасын толук өзгөртүп бердик. Максат айылына 11 км асфальт төшөлдү. Кээ бир ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жарыктыктарды да киргизип бердик. Ошондой эле жолдун чекесине адам баса турган тротуарларды жасадык. Мектеп толугу менен заманбап ремонттон өттү. Футбол талаасы курулду, ФАП (Фельдшерлик-акушерлик пункт) ачылды. Өзгөчө ыкма менен иштесин деп милиция кызматкерлерине үй салып бердик. Үйдүн бир тарабы ишкана. Демек, бул милиция кызматкерлери 24 саат бою жумушта дегенди билдирет. Бүгүнкү күнгө чейин максат айылын биз унутканыбыз жок. Үч күн мурда демөөрчүлөр тараптан 100 орундуу бала бакчаны бүтүрүп колдонууга бердик. Таза суу киргизип бердик. Максат айылы инфраструктурасы толук камсыз болгон айыл болуп калды.


Биздин президент Садыр Жапаров келгенде “Баткен облусуна өзгөчө көз караш менен карайм, Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан колдойбуз” деп кеткен. Мына, өзгөчө статусту киргизди. Өзгөчө статуста көптөгөн жардамдар бар. Биз пенсионерлерди колдодук, аларга эки миң сомдон кошуп акча төлөп жатат. Башка жакта жөлөк пулду мисалы миң сомдон алышса, Баткен облусундагы 62 айылдагы балдарга миң сомдон кошуп берди. Чек арага жакын жайгашкан 62 айылда мугалимдер болобу, муниципиалдык жумушчулар болобу мамлекеттик кызматкерлер болобу, киреше салыгынан башкаларга 10%дан алынса, аларда 5 %га түшүрүп койду.


Бизнес чөйрөдө бизнестерди, инвесторлорду тартуу максатында кандайдыр бир ишкана түзгөндөрдү бүт салыктан бошотту. Бул — чоң жардам. Эгерде жер ала турган болуп, үй сала турган болсо, ошол жерде кызыл китеп алуу баары акысыз болуп калды. Бүгүнкү күндө мунун баары иштеп жатат, муну дагы сиздерге 7 мамлекеттик орган кандай жеңилдикте кызмат көрсөтөрүн кагаз жүзүндө беребиз. Aл эми соттолбогону тууралуу справка алам десе, анын баары акысыз. Андан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагында дагы оорулуулар барып көрүнсө, анын да өзүнүн эрежеси бар — 50%дан жеңилдетүү менен кабыл алып жатат. Ошондой эле рентгенге түшүү да акысыз болуп калды. Баткен облусунун 62 айылына ушундай женилдиктер киргизилген. Азыркы айткан жеңилдиктердин ичинен облустун жалпы тургундарына да жеңилдиктер бар.


Эгерде башка облустарда тоо кендерин иштетүү үчүн эл аралык инвесторлор келсе, алардын салымынын көлөмү 20 млн доллардан жогору болсо гана мамлекет кепилдик берет. Мамлекет кепилдик берет дегени — эгерде кандайдыр бир жоготууга учурап калса, мамлекет кепилдик берип, акчасын төлөп берет дегенди билдирет. 2021-жылдагы статустун алкагында Баткен облусуна ошол чек 50% азайтылып, мамлекет 10 млн доллардан жогору инвестиция салган ишканага кепилдик берип жатат. Эгерде башка тармактарда болсо, башка облустарда мамлекеттин кепилдиги 3 млн доллардан ашуун инвестицияга гана берилет, Баткен облусунда болсо ошол бизнестерге 1млн доллордон жогору болсо кепилдик берип жатат. Мамлекет Баткен облусу үчүн ушундай жеңилдиктерди алып келди. Бүгүнкү күндө бул иштер аткарылды жана иштеп жатат.


Мындан тышкары, чек арага жакын аймактарда мектептер жок экен, ФАПтар жок экен деп президент айылдарды аралап жүргөндө көптөгөн суроолор түшкөн. 2021-жылы эле элдин кайрылуусу боюнча өзгөчө Баткен, Лейлек районуна 8 соц объект түштү, анын ичинен беш мектеп, үч балабакча курулду. Мектептерди толук заманбап кылып салып бердик, кээ бир мектептерди реконструкциялоо, ремонттоо иштери да жүрдү. Ошондо жалпысынан президент 250 млн сом Баткен облусуна бөлүп берген. Ошол 8 соцобъектини оңдоп, жаңыдан куруу багытында толугу менен бүтүрүп элге тапшырдык.


“Убада Баткен”: Былтыр ошол кагылыштарда күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна салынган жаңы үйлөргө нааразылык көп айтылат. Маселен, алардын курулушун өз убагында бүтпөй калды. Андан сырткары, бир топ жерлерде ал үйлөрдөн суу чыкпайт. Көк-Терек айылында, мисалы, бир да үйдөн суу чыкпайт. Дубалдары, полу жөнүндө да нааразылык бар. Булардан кабарыңыз барбы?


Абдикарим Алимбаев: Мен облус башчысы катары элим менен аябай жакын иштеп жатам. Ошол эле жабыркаган айылдардан Максат айылынан баарын тааныйм, баарынын үйүнө кирип чыктым. Сиз айтып жаткан Көк-Терек айылына суу берилген эмес. Ал планыбызда болгон эмес. Мына Максат айылы боюнча мен айтып бердим, албетте, бул үйлөр боюнча ушундай бир нааразычылыктар да, сын пикирлер да айтылып жатат. Бул үйлөр андай экен, мындай экен деп калышат. Биринчиден, биз мындай үйлөрдө жашап үйрөнбөппүз, эгер интернет булактарынан карасаңар, ушундай үйлөр азыр 50 градус суукту да, ошону менен бирге 50 градус ысыкты да кармайт экен. Быйыл өтө эле ысык болду, дүйнө жүзүндө ысык болду.


Кээ бир адамдар барып элдерге кандай болуп атат, ысык болуп атабы деген суроолорун бергенде «Ооба бул үйдө аябай ысыдык» деген учурлар дагы болду.

Биз былтыр кышында ар бир үйгө заманбап, бардык бөлмөлөрдү жылыта турган печка куруп бергенбиз. Печкаларды былтыр баары иштетишти. Анан бул жерде баары ысыкта ар кандай суроолорду айтып калды, бирок биз элдерге дагы айттык: кичинекей вентилятор болобу, башка нерсе болобу — өзүңүздөр дагы кичине аракет кылыңыздар деп. Себеби мамлекет тараптан бүт аракети жасап куруп бердик.


“Убада Баткен”: Сиз өзүңүз качан акыркы жолу ошол былтыркы куралдуу кагылыштардан жапа чеккен айылдарга бардыңыз?


Абдикарим Алимбаев: Акыркы жолкусун айтсам, үч күн мурда Максатта болуп, элдер менен сүйлөшүп, жолугуп келдим. Кулундуда болдум. 4 күн мурун Самаркандекте. Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарында болдум, Ак-Сайда болдум, Сайда болдум, Боз-Адырда да болдум.


Өткөн жума мен толук элдер менен иштедим. Мен айылдарга тынымсыз барып турам. Мен облус башчысы катары кайсы үйдө кимдер жашаганынан бери билемин деп айта аламын. Муну эл билет. Алардан тынымсыз кабар алып турам. Эрте менен кайсы жерде маселе болсо, аны ошол жеринде барып көрүп келем да жумушка келип тиешелүү органдарга тапшырмаларды берем.


Андан тышкары ишемби, жекшемби күндөрү мен айылдарга чыгам. Оор айылдарга чыгып ошол жерде элдер менен сүйлөшүп келем. Мына азыр суу маселеси боюнча өзүм кошулуп түнү арыктар менен басып жүрдүм. Аны эл билет, көрүп турат.


“Убада Баткен”: Көк-Терек айылы боюнча сөздү улап, бир жалпы проблема тууралуу сурайын деп турам. Айылда дүкөн жок экен. Тургундар бир чакырым алыстыктагы Орто-Боз деген айылга өтүш үчүн тажиктердин жеринен өтүшөөрүн айтышты. Ошол кезде аларга тийишип, түрдүү сөздөр менен акаарат айтып, провокация жасалат окшойт. Муну сиз кантип чечсе болот деп ойлойсуз? Көк-Теректиктер канткенде азык-түлүк менен камсыз болушат?


Абдикарим Алимбаев: Көк-Теректе азыр жалпы 18 үй бар. Ал жердеги жашоочулар менен тынымсыз байланыштамын. Биздин жарандар дүкөнгө, мектепке барыш үчүн Хочаи Аьло деген Тажикстандын территориясындагы жолдон өтөт. Эми ал жерде мындай нерселер болуп келген. Өтүп баратканда кыйкырыктар, ар кандай провокациялар… Азыр мен тапшырма бергенмин ал жердеги милициялар, чек арачылар, күч структуралары жол бойлоп жүрсүн деп. Алар ошол Көк-Теректен дайыма кабар алып турат. Жалпысын айтканда Көк-Терек дайыма биздин көзөмөлүбүздө турат. Төрт-Көчөдө дайыма милициялар жана ошол жердеги тиешелүү күч структуралары турат. Аны күнүнө көрсөңүздөр болот. 24 саат бою ошол Төрт-Көчөдө балдар турат.


“Убада Батен”: Эми компенсация маселесине келсек. Бул да — былтыркы трагедиядан кийин элге берилген чоң убадалардын бири. Көпчүлүк азыр мамлекет тарабынан төлөнүп берилген компенсацияга нааразы. Анын негизги себеби — берилген компенсация калктын жоготууларын толуктап бере албады. Мындан сырткары, чек арадагы айылдын тургундары кетирилген зыяндардын суммасы түрдүүчө болгон менен, бардык жашоочуларга бирдей өлчөмдө компенсация берилгенине да нааразы экендерин айтышты жана жашоочулар жергиликтүү бийликке кайрылышса “үй салынып берилди го” деп эле тим болушат деп кошумчалады. Берилген компенсациялар тургундардын жоготууларын толтура алат деп эсептейсизби?


Абдикарим Алимбаев: Компенсациялар боюнча, 36 биздин мекендеш шейит кетти. Алардын үй-бүлөлөрүнө биринчиден мамлекетибиз бир миллион сомдон акча төлөп берди. Экинчиден, ар бирине үй салып берди. Алар баары үйлүү болушту. Андан тышкары, бир үй-бүлө атамдын машинасы талкаланып калды эле дегенде муну дагы президент эч кимге айтпай ошондой үлгүдөгү, ошондой сапаттагы машинаны алып келип баласына тапшырды.


Мамлекет 140 үйдүн ээсине биринчи 100 миңден, кийин 150 миңден берип, жалпы 250 миңден баарына акча берди. Акча берилип жатканда, туура түшүнгүлө, алар эч нерсени мыйзам түрүндө далилдеп бере албай калышты. Ошондуктан 140 үй-бүлөгө биз бирдей акча бердик.

Анан калган зыян тарткан, үйү тонолгондордуку ар кимдики ар кандай болду. Ким канча жазды — ошончо мамлекеттен алды. Ар кандай сумманы алды. Эгерде кааласаңыз, биз ошол 84млнду канча адам канча алганы жазылган тизмесин да бере алабыз. Бизге жеке ишкерлер “Мен жеке ишкер элем” деп тизмелерин жөнөтүп жатышты. Текшергени барсак, кичинекей эле дүкөнүн көрсөтүштү. Ал дүкөн чындыгында күйүп кеткен. Эми караңыз, мамлекет ишкердин акчасын кантип төлөйт? Эмненин негизинде? Алар салык төлөгөн эмес, патент алышкан эмес. Жөн эле иштетип журүшкөн да. Ошондуктан мына ушундай юридикалык көйгөйлөргө туш келдик. Бирок ошого карабай, мамлекет жардамын берип жатты. Бул жерде патенти барлар, салык төлөгөндөр аз болуп, бирок тизмеде көп жарандарыбыз бар. 


“Убада Баткен”: Биз чекарадагы айылдардагы тургундар менен дайыма байланыштабыз. Маселен, Максат айылынан келген жанылык: өкмөт тарабынан 10 камаз шагыл төгүлмөк, бирок 6 камаз төгүлгөндөн кийин тажик тарап калган 4 камазды төктүртпөй койгон. Мындан 3-4 күн мурда трактор келип 2 камаз шагылды жая баштаганда, тажик тарап жайылган шагылды да жыйдырып салыптыр. Бул боюнча кабарыңыз барбы?


Абдикарим Алимбаев: Бул мурунку жума болгон окуя. Лейлек районунун Максат айылында болду. Максат айылында шагыл төгүлгөн жерлер чек арага жакын. Бизде көп учурда ошол жерлерде бир нерсе курулса эле коңушу өлкөлөрдүн эли менен келишпестик болуп кетет. Мисалы ошол 2021-жылы эле 29-апрелдеги тополоң суу талаштан болгон жөнөкөй бир камера коюштан башталган. Камера элдердин коопсуздугун камсыз кылуу багытында эле коюлган болчу. Ошондуктан азыр чек арада өтө этияттык мене ниш жасашыбыз керек. Бул жерде эч кимди күнөөлөбөш керек. Биз кичинекей нерседен чоң чыр-чатак чыгарып алышыбыз мүмкүн, орто жолдо эл залака тартат, бирок маселе чечилбей калышы мүмкүн. Себеби чек ара тактала элек. Мына 29унда 36 адам бизден каза болду, тажик тараптан бир канча жоготуулар болду, маселе чечилдиби? Чечилген жок. Орто жолдо камера алынды, эч ким чек араны тартып алган жок. Мурункудай эле жашап жатабыз, бирок орто жолдо 36 жараныбызды жоготуп алдык жана мамлекет дагы зыян тартты. А маселе чечилген жок. Эки тарапта тең ошондой болду. Тажик тарап дагы эч нерсе уткан жок, элин жоготту жана бир канча зыян тартты. Ошондуктан чек арада өтө кылдаттык менен иш жасаш керек. Кечээ дагы шагылды биз жайдыргызганда, тажик тарап өзүнүн каршылыгын көрсөттү. Алар дагы биздин территориябыздын жанына кошумча бир курулуш ишин баштайбыз деп. Ошентип бул нерсе токтоп калды. Азыркы абалда кырдаал тынч.


Ошондо маселени кимдер чечет, эмне кылыш керек?


Чек араны чечүү үчүн атайын эки өлкөнүн ортосунда комиссия түзүлгөн. Бул — өкмөттөр аралык комиссия. Бүгүнкү күндө иштеп жатат, буюрса 60%дан жогору чек ара чечилип калды. Бул албетте тоолуу жерлер, комиссиялар жакындап қалды. Комиссиянын курамында бир канча адам бар. Бүгүнкү күндө алар иштеп жатат, ошолор гана чечет жана ошолор гана чек араны чечүү боюнча иштейт. Биз бүгүнкү күндө чыр-чатакка жол бербей тынчтыкты сактап турушубуз керек. Элдин коопсуздугун жана мамлекеттин кызыкчылыгын сактап турушубуз абзел.


“Убада Баткен”: Курман болгон 36 жараныбызды эскерүү иш-чарасында Баткен-Раззаков трассасына эстелик тургузулат деп айткансыз. Мадина шаарчасынын жашоочуларынын “эстелик Мадинага курулса” деген сунушуна макул болуп кат жиберген экенсиздер. Эстелик эми кайсы жерге курулмай болду? Куруу иштери качан башталат? Канча мөөнөттө бүтөсүздөр?


Абдикарим Алимбаев: Биз шейит кеткен 36 мекендешибизге эстелик курабыз деп чыктык. Себеби алар мамлекет үчүн, чек ара, эл үчүн курман болушту. Биз алгач Баткен-Көк-Таш багытына курабыз деп өзүбүзчө чечкенбиз, бирок Мадина шаарчасынын жашоочулары «Бизге Мадина шаарчасына куруп бергиле» — деп сунуштап калышты. Биз эстеликтин курулушунда 36 мекендешибиздин жакындарынын суранычтарын, пикирин сөзсүз колдойбуз. Ошондуктан эстеликтин Мадина шаарчасына курулушуна макулдугубузду бердик. Бирок анда дагы «Мадина шаарчасында эстелик туруп калса, туура эмес болуп калат» деген, эл ичинде дагы ушундай пикирлер пайда болду.  Анан алар айтты «Курман болгондордун башка айылдарда да жакындары бар Баткен шаарына эле курулсун» деген сунуш менен учурда Жеңиш паркынан атайын мэрия тарабынан жер бөлүнүп, курулуш иштери башталды. Акча бөлүнүп берилген, курулуш жүрүп жатат. Курулуш иштери жалпысынан ноябрга чейин болот, эки айдын ичинде бүтүрөбүз.


“Убада Баткен”: Былтыркы кагылыштардан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылып калды. Чек ара качан ачылышы мүмкүн? Чектеш эки элдин мамилеси качан кайра дагы жакшырат деп ойлойсуз?


Абдикарим Алимбаев: Албетте, кыргыз тарап чек араны чечкенге даяр. Кыргыз тарап соода-сатык, чек аралар ачык болсо, посттор ачык болсо, бири-бирибизге катташып, соода-сатыкты күчөтүп бир өнүгүү жолунда бололу дегенге кыргыз тарап бүгүнкү күндө даяр. Бирок чек ара маселеси чечилбей турат. Буюрса чечилет деген үмүттөмүн. Чечилгенден кийин бүт посттор ачылат, коңушу өлкөлөр менен дагы биз соода-сатыкта, достукта жашайбыз келечекте.


АВТОР: АКМАРВАТ АБДИЛЛА КЫЗЫ

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү