Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткен облусунан 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганын кабарлады.

Ал арада Лейлек районунун Раззаков шаарындагы тургундары «Убада Баткенге» айтышканына караганда, И.Раззаков аэропортунан үч рейс учак адамдарды эвакуациялаган. Аларда негизинен жаракат алгандар, аялдар жана жаш балдар болушту. Аба жайында эвакуцияны күткөндөр саны дагы деле көп.

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү