
Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине минометтон ок чыгарган.
Аткылоо 08:55те токтотулган.
УКМКнын Чек ара кызматынын жана коммуникация башкармалыгы 17-сентябрь саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.
КР УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамыучурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.