Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.

«Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү»,- деп жазылган маалыматта.

Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген.

Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Булак: Азаттык

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү