Учурда Лейлек районунун борбору Исхак Раззаков шаарындагы аэропортто бир миңдин тегерегинде адам Бишкекке учуу үчүн кезекте турат. Алар күн сайын аэропортко келип, кеч киргенче учак күтүп отурганга мажбур. «Убада Баткен» өз кезегин күтүп турган Кайриниса Эрматова менен байланышып, абал тууралуу сурады.

Кайриниса Эрматова – Лейлек районунун эң четки жагында Тажикстан менен чектеш жердеги Максат айылынын тургуну. Ал азыр үч небереси, келини менен бирге И.Раззаков аэропортунда эки күндөн бери учакка кезегин күтүп турат. Неберелеринин бири — майып.

Эрматованын айтымында, алар кече кечке ачка турушкан, анткени жергиликтүү акимият жакта гана элге бир-экиден нан беришкени болбосо, аэропорт тарапта топтолгон калкка эч нерсе каралбаган экен. Акимият тарапка барышса, бул жакта самолеттон калып кетебизби деп коркушкан.

«Азыр Исфанада аэропортто турабыз. Кече да, мурдагы күнү да турганбыз. Бүгүн үчүнчү күн. Аэропортто эл көп, эки миңдей бар. Кезек жетпейт, ысыкта турабыз. Беш жаштагы майып неберем бар, баса албайт. Ошону кармап отурабыз. Андан башка дагы эки неберем жана келиним бар. Айылдан качып келгенбиз, келгенден бери ушул жерде отурабыз. Күндө Исфанада көрүнгөндүн үйүндө суранып түнөп жатабыз. Кече дагы бул жерден кеч караңгыда кеттик. Акимчиликтин алдына барып турдук, ошол жерден анан бирөө алып кетти. Ал эми самолетто аскерлерди алып келип, тез жардам менен оорулууларды, анан тааныш-билиштерди тез жардам менен алып кирип кетип жатат. Жөн киргизбейт, эшиктин алды толтура эл, эшикти ачпайт. Жаш балдар ыйлайт, күн ысык, суу жок. Кече кечке чейин ачка отурганбыз. Ким суу алып келген болсо, машинасы барларга барып бир стакандан суу сурайм. Биз го чек арадан үйүбүз жок, качып келдик. Көпчүлүгүбүзгө ок тийди. Аэропортту үй-жайлары болгонуна карабай, исфаналыктар эле ээлеп алышкан. Ал жак, бул жактан келгендерге жардам дагы бербейт, балдарыбызды сүрүп, тебелеп өтүп кетет. Ал эми учак менен тааныш-билиш кылып, байлар, аэропорттогу адамдардын тааныштары, врачтардын, военныйлардын туугандары, балдары кетип атат. Ооруканадан соо эле адамдарга дагы «направление» жазып, өткөрүп жиберип атат. Бейбечарлар, качып келгендер, биз инвалид балдар менен көчөдө отурабыз”, — деп кейиди Кайриниса Эрматова.

Максат айылында айыл башчыбыз “азырынча келбей тургула, сак болгула, каерде болсоңор, ошол жерде болуп тургула” дейт. Качып келген адамдарды кабыл алган үйлөргө тамак-аштан жардам берилген окшойт, кече биз барган үйгө бираз продукта алып келгендей болду. Азыр бирөө келген экен нан, суу анан памперс деп айттым, али келген дагы жок. Кандай жардам экенинен да кабарым жок. Ошол акимчиликтин алдыда берет экен, кече дагы бериптир. Ага дагы машинасы барлар алып келип атат. Азыр кечинде түнөгөн жерден такси менен келдим. Оорукана жактан түшүрүп койду, направление жаздыралы десек, ал жактан дагы «ал жакка бар, бул жакка бар» деп кууп жиберди. Же ал жерде такси жок. Көчөдө туруп-туруп, араң 200 сомго бир такси таап келдим. Кече үйүнө жаткызган адам да 500 сомго алып келди. Бул жактагы кээ бир адамдар дагы жаткызып алып, дагы кайыр кылайын дебейт да. Биз качып жүрүп акча алганбызбы, жокпу, кантип качканыбыз менен иши жок. Саат 07:30да чыкканбыз, эч нерсеге жетишпей калганбыз. Үйдөгү кийимибиз менен кол сумкабызды асынган бойдон качканбыз», — дейт Эрматова.

Ал эми “Убада Баткен” Раззаков шаарынын акиминин орун басары Максатай Мамытбековнага байланышканыбызда: «Жарандарга нан, тамак-аш баардыгы уюштурулду. Азыр абалы оорлорду Бишкекке жөнөтүп жатабыз. Азырынча бизге гуманитардык жардамдар келе элек, келсе эле уюштурабыз. Азыр элден топтолгон акчага нан, суу, тамак-аш эле уюштурдук. Кече күнү мэрияга гуманитардык жардам түшкөн, азыр Раззаков шаарынын мэри эмне керек болсо, уюштуруп берип жатат”, — деп билдирди.

Эрматова былтыры кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышууда да ушул үч небереси, бир кызы менен Бешкент айылына качкан болчу.

Видео: https://youtu.be/mEM_4YezvAA

Автор: АКМАРВАТ АБДИЛЛА КЫЗЫ

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү