Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгында Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн, анын жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганын бүгүн министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бирок кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок. Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашкан.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгыраагы дале тактала элек.

Булак: Салам медиа

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү