убада баткен

Учурда Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында айтты. Төрага бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керектигин, азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керектигин да белгиледи.

Жыйында азыр Баткен облусунда 415 объектиде курулуш иштери жүрүп жатканы, анын 273үндө дубал тургузуу, 95инде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, дагы 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.

Өткөн сентябрь айында Баткен облусуна кошуна тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 140 миңге жакын жаран чек арага жакын конуштардан эвакуацияланган. Мындан сырткары, облус аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Булак: Салам Медиа

0 0 голоса
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү