28-апрелде саат 16:00 чамасында Тажикстан менен чек арада дагы бир жаңжал чыкты. Буга тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүргүч участогунун аймагындагы электр берүү линиясынын устундарына видеобайкоочу камераларын орното баштаганы себеп болгон.

  • 29-апрелде саат 04:40 чамасында чек ара аймагында кырдаал курчуп кетти.
  • Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарына чукул режим киргизилип, жашоочулар эвакуацияланууда.
  • Убактылуу абал тынчыгандан кийин УКМК билдирүү таратып, эки жактын аскерлеринин ортосунда ок атышуу саат 14:05те башталганын белгиледи. 
  • Баткен чек ара отрядынын жана Достук (Суубою Кара-Бак) чек ара заставасынын имараттары минометтон аткыланып өрттөлгөн.
  • Саат 20:00дө УКМК Баткен облусундагы «Головной» аймагы кыргыз тараптын толук көзөмөлүндө экендигин билдирди. Атышуу дале уланып жатты.
  • Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурунку жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашышты. Руслан Казакбаев кыргыз тарап бөтөн аймактарды талап кылбайт жана өз жерин эч ким менен бөлүшкүсү келбейт деп белгиледи.
  • Баткен районунун Көк-Терек айылында кыргыз жарандарынын 17 үйү толугу менен күйүп кетти. 
  • Ошол эле күнү, 29-апрелде кечке жуук Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш айылдарына — Максат, Борбордук, Арка, Сада, Интернационал жана Кулунду айылдарына — Тажикстан тараптан ок атыла баштады.  Минометтон да ок атылып, Интернационал айылында бир нече жай тургундар жабыркады: 12 жаштагы бир кыз жеринде мерт болду. Дагы бир жай тургун бутунан, көзүнөн жаракат алат. Үйлөр, май куюучу жайлар өрттөнөт. Канча адам жабыркаганы, канча там-жай өрттөлгөнү азырынча эсепке алына элек. Лейлектин паскы зонасынан миңдеген эл жөө, машина менен жогорку зонага, район борбору Исфана шаарын көздөй качып жөнөйт. Элдин эвакуциясы 3-4 күнгө созулат.
  • 29-апрелде саат 23:45ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү окуя болгон жерде атышуу токтотулганын Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди.
  • 30-апрелде эртең менен 134 киши жаракат алганы белгилүү болуп, алардын 13ү каза болгон. 25 адамды Баткенден Бишкекке алып кетишти. «Азия-Плюс» тажик тараптан 90 адам жаракат алып, 10го жакын адам каза болгонун кабарлады.
  • 30-апрелдин таңына карата Баткен жана Лейлек аймактарынын чек ара конуштарынан 13 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
  • 30-апрелде эртең менен Лейлек районунун тургундары тажик тараптан ок атуу болгонун билдиришкен.
  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чындыгында Лейлек районунун чек ара аймактарында ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу болгонуна карабастан, ок атышуулар дагы деле уланып жаткандыгын билдирди.
  • 30-апрелде тажиктер кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты. Ал аталган жерге жакын жерде эки кыргызстандык каза болду деген маалыматты тактоо үчүн барган эле.
  • 30-апрелде тажиктер Арка айылындагы кыргызстандыктардын үйлөрүн жана имараттарын бульдозер менен бузушууда.
  • УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 2-майга караган түнү сүйлөшүүлөрдөн кайтып келди. Тараптар бардык аскерлерди чыгарып кетүүнү чечишти.

Булак: Убада Баткен, Баштан Башта 

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x