Убада Баткен

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 5-майда өлкөнүн алыскы райондорунун жашоочуларынын медициналык кызмат алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беш мобилдик клиниканы тапшыруу аземине катышты.

Ислам өнүктүрүү банкы «Фаель Хайр» программасынын алкагында бир катар мусулман өлкөлөрдүн айылдарына мобилдик клиникаларды алып берүүгө кайрымдуулук салымын кошкон. Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болду. Ислам өнүктүрүү банкы бул долбоорду ишке ашыруучу катары тендер аркылуу Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясын тандап алган. Ал мобилдик клиникаларды чет өлкөлүк заводдордо өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Мамлекет башчысынын айтымында, мобилдик комплекс биринчи кезекте Баткен облусунун бийик тоолуу райондоруна жана алыскы айылдарына берилет. Жети айдын ичинде дарыгерлер өлкөнүн жети облусун тең кыдырып, андан кийин кайрадан Баткенге кайтышат.

Мобилдүү клиниканын бир врачтар үчүн кабинети, анализ жүргүзүү үчүн лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген-шайманы, гастроскоп, мобилдүү скрининг борбору жана башкаруу борбору бар.

Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн Mercedes-Benz Sprinter кичи автобустары, анын ичинде C класстагы тез жардам унаасы болот.

Булак: Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайты



5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x