Убада Баткен

2021-жылдын 5-майында куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу, технология менен камсыздоо убада кылынды. Бул тууралуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирген. Ал сөзүндө: “Муну армиянын реформасы деп атасак да болот. Анын эки негизги багытына токтолоюн. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек. Экинчи жагынан, биз “элдик кошуундарды” түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат”, – деген. 

Булак: Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайты

5 1 голос
Макаланын рейтинги
guest
0 Пикирлер
Баарын көрүү
0
Өз пикириңизди калтырыңыз!x
()
x