Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болгонун билдирди. Алардын бири «оор» абалда, биринин абалы «канааттандырарлык». Министрликтен учурда алар Баткен облустук ооруканасында экенин, диагноздору тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтышты.  «Жеринде Баткен ОИИБдин 2 тез жардам бригадасы иштеп жатат. Баткен облустук бириккен ооруканасында бардык кызматкерлер күчөтүлгөн режимге которулуп, кан, дары-дармектер жана медициналык буюмдардын керектүү […]

Чек ара кызматы: Баткенде ок атышуу катталды

Убада Баткен

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган. Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылды. Алдын ала […]

Мадина шаарчасы: “36 баатырдын эстелиги Мадинада курулса”

Мадина шаарчасынын жашоочулары 36 жаранга арналып курула турган эстеликти шаарчага курулуусун жергиликтүү бийликтен талап кылды.  Тургундар эстеликти  шаарчанын жанындагы атайын ФАП (фельдшердик-акушердик пункт), бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн жерге тургузуп беришсе деген ойлорун “Убада Баткенге” билдиришти.  «Эстеликти Мадина шаарчасына курушса жакшы болмок. Биздин (шаарчанын) артыбыздагы тегизделген жерге эстеликти куруп, айланасына балдарыбызга балдар аянтчасын кошо куруп […]

Баткен трагедиясын эскерүү Мадинадан башталды

Баткен трагедиясын эскерүү Мадинадан башталды Кечээ, 29-апрель күнү, Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында болгон былтыргы кандуу кагылышууда набыт болгон жарандардын жакындарына салынган Мадина шаарчасында маркумдарды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу  президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Убада Баткенге” кабарлады.  Эскерүү иш чарасынын биринчи бөлүгүнө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, […]

Тажик агрессиясына 365 күн

Тажик агрессиясына 365 күн Былтыр апрель-май айларында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы Тажикстан менен чектеш айылдарда 50 миңге жакын адам үйүн таштап коопсуз аймакка көчүүгө мажбур болгон. «Убада Баткендин» жаралышына себеп болгон ошол кандуу кагылышка бүгүн бир жыл болду. «Убада Баткендин» активисти бир жыл ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу окуяларга көз чаптырат. Кыргыз-тажик чек […]

Баткен үчүн оор, бирок жарандык аң-сезим ойгонгон жыл

2021-жыл жалпы Кыргызстан үчүн да, анын ичинде өзгөчө Баткен үчүн да оор жылдардан болду. Дегенибиз чечилбеген чек ара көйгөйүнүн айынан 36 кыргызстандык жаран тажик аскерлеринин огунан мерт кетип, 200гө жакын жараныбыз түрдүү дэңгээлде жаракат алды. Каза болгондордун арасында 5 жана 12 жаштагы бөбөктөр да бар эле.  Апрель-май айындагы окуяларда 140 үй өрттөлүп, ондогон там-жайлар тонолуп, […]

Тажик аскерлери кыргыз жаранын унаасына ок атышты

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу тууралуу маалымат таратты. Буга чейин тажик аскерлеринин ок чыгаруусунан суу ташуучу унаанын 47 жаштагы айдоочусу жабыркаганы кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргызстандын жараны КамАЗ унаасын айдап бара жаткан. Ал жол кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт. Айдоочу […]

Баткен: Малын издеп чек арадан өткөн Айдаровдун абалы орто оор

убада баткен

1-декабрь саат 14:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Ж. Айдаровдун ую Тажикстандын Исфара районунун Майский айылына кирип кеткен. Артынан издеп барган ээсин Тажикстандын чек арачылары кармап, Исфаранын милициясына өткөрүп беришкен. Окуядан улам топтолгон Көк-Таш айылынын тургундары Ж. Айдаровду Тажистандын жарандары урганын айтышып, Тажикстандын Майский айылынын 1962-жылы туулган тургуну Сабиров Камалды кармап алышкан. […]

Кыргыз-тажик чек арасы: көчүп келгендер көбөйдү

убада баткен

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын катары калыңдады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кабарлашынча, Баткен облусунда жөнөкөй тартипте жарандык алуу үчүн жалпысынан 123 арыз түшкөн. Июль айынан бери беш адамга Кыргызстандын атуулдугу берилди. Коңшу мамлекеттен көчүп келген этникалык кыргыздардын жарандык алуу, документтерин даярдоо, иш кагаздарын ирээтке келтирүү өңдүү […]

Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугушту

убада баткен

3-декабрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку окуяларды талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөр Лейлек районунун «Кулунду» чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик […]