Баткенде 4 миңдей адам коогалаңдан кийин дале үйлөрүнө кайта элек

убада баткен

Учурда Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында айтты. […]

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгында Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн, анын жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганын бүгүн […]

Камчыбек Ташиев: «Бүгүндөн баштап чек арабызда тынчтык болот»

Камчыбек Ташиев: Баткен жана Лейлек райондорунда жашаган эл өз мүмкүнчүлүгү барлар үйлөрүнө кайта берсе болот. Мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик ӨКМ (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) менен биргеликте транспорт менен камсыз кылат. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот.

19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн 19-сентябрь  улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  Эске салсак тажик аскерлеринин кол салуусунан курман болгон жарандарыбыздын саны 59га жетти.  Курман болгон ар бир жараныбыздын өз максаты, өз келечеги бар эле.  “Убада Баткен” жамааты каза болгон жарандарыбыздын жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтат. Шейит кеткен баатырларыбыздын, 15 […]

Тажик агрессиясынан 59 кыргызстандык курман болду

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрда саат 22:30га карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 144 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын […]

«БЕШ ЖАШТАГЫ МАЙЫП НЕБЕРЕМДИ КАРМАП ОТУРАМ». РАЗЗАКОВ АЭРОПОРТУНДА ҮЧ КҮНДӨН БЕРИ ЭВАКУАЦИЯГА КЕЗЕК КҮТКӨН КАЙРИНИСА ЭЖЕНИН БАЯНЫ

Учурда Лейлек районунун борбору Исхак Раззаков шаарындагы аэропортто бир миңдин тегерегинде адам Бишкекке учуу үчүн кезекте турат. Алар күн сайын аэропортко келип, кеч киргенче учак күтүп отурганга мажбур. «Убада Баткен» өз кезегин күтүп турган Кайриниса Эрматова менен байланышып, абал тууралуу сурады. Кайриниса Эрматова – Лейлек районунун эң четки жагында Тажикстан менен чектеш жердеги Максат айылынын […]

Тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

16-сентябрда тажик аскерлери Баткендин Көк-Таш — Аксай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы Ак-Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, чек арага жакын Кызыл-Бел — Достук жана Эски-Оочу — Максат унаа жолдорунда транспорт министрлигине караштуу бирден жүктөгүч техника, жеңил автоунаа, экскаватор жана […]

Чек ара чырында курман болгондордун саны 36га жетти

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти. «Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү»,- деп жазылган маалыматта. Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде […]

Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузду

Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине минометтон ок чыгарган.Аткылоо 08:55те токтотулган. УКМКнын Чек ара кызматынын жана коммуникация башкармалыгы 17-сентябрь саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады. КР УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамыучурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча […]

УКМКнын чек ара кызматы Баткендеги кырыгз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.

УКМКнын чек ара кызматы Баткендеги кырыгз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кеминде 24 адам каза болуп, жарадар болгондордун саны 103 адам жетти.