Камчыбек Ташиев: «Бүгүндөн баштап чек арабызда тынчтык болот»

Камчыбек Ташиев: Баткен жана Лейлек райондорунда жашаган эл өз мүмкүнчүлүгү барлар үйлөрүнө кайта берсе болот. Мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик ӨКМ (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) менен биргеликте транспорт менен камсыз кылат. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот.

19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн 19-сентябрь  улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  Эске салсак тажик аскерлеринин кол салуусунан курман болгон жарандарыбыздын саны 59га жетти.  Курман болгон ар бир жараныбыздын өз максаты, өз келечеги бар эле.  “Убада Баткен” жамааты каза болгон жарандарыбыздын жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтат. Шейит кеткен баатырларыбыздын, 15 […]

Парламентке аттанган талапкерлер чек ара боюнча кандай убадаларды беришти?

убада баткен

Эртен, 28-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул ирет парламентте 90 депутат болмокчу. Анын 54ү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Ушул күндөрү талапкерлер үгүт иштери менен кызуу алектенип жүргөн кези. “Убада Баткен” алардын программаларында Кыргызстандагы эң олуттуу маселелердин бири – чек араны чечүү — боюнча берген убадаларына кызыкты. Бизге ушул […]

200 күндө кандай өзгөрүүлөр болду?

убада баткен

200 күндө кандай өзгөрүүлөр болду? Быйыл апрель-май айларында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштар башталганына кечээ, 15-ноябрда 200 күн толду. 29-апрелде башталып, үч күнгө созулган атышууларда Кыргызстандын 36 жараны тажик аскерлеринин огунан мерт болгон эле. 172 жаран түрдүү деңгээлде жаракат алган. Курман болгондордун 25 «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайда жарылган миномёттон мүрт кеткен. Кыргызстанда ал […]

Максат айылынын тургундары президентке кайрылышты

убада баткен

Максат айылынын тургундары президентке кайрылышты Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын 20дан ашуун тургуну 12-ноябрда президент Садыр Жапаровко видео-кайрылуу жасашты. Алар президентке быйыл апрель айынын аягындагы кагылышуудан кийин келтирилген зыянга мамлекет компенсацияны толук төлөп беришин, Тажикстандын күч кызматкерлери уурдап кеткен максаттык тургундун тез арада бошотолушун суранышты. «Чек аранын делимитация жана демаркация иштери чечилбегендиктен, жыл сайын […]

Баткен курмандыктарынын урматына курулган «Мадина шаарчасы» таза суусуз калды

убада баткен

Баткен курмандыктарынын урматына курулган «Мадина шаарчасы» таза суусуз калды Баткенде соңку чек ара чырында курман болгондордун урматына курулган «Мадина шаарчасынын» жашоочулары таза суусуз калышты. Аларга жакында бийлик суу чыгарып бердик деп жарыя кылганда “Убада Баткендин” активисти шаарчадагы үйлөрдү аралап, суу айрым гана үйлөргө жеткенин, болгондо да ал өтө аз чыгып жатканын көргөн болчу. Ноябрдын биринчи күнү […]

Мадина шаарчасынын жашоочулары эмнеге нааразы?

убада баткен

«Убада Баткен» буга чейин чыгарган маалыматында «Мадина шаарчасынын» жашоо шарты тууралуу жазган.  Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов 16-сентябрь Мадина шаарчасынын ачылышында Ала-Тоо 24  каналына «Суу түтүктөрүн шаардын борбордук тутумуна туташтырып бердик»- деп айткан. Бирок 13-октябрь күнү суу жана жылуулук берилгенин жергиликтүү тургундар тастыкташкан. Тилекке каршы, суу, жылуулук системасы эртеси күнү токтотулганын Убада Баткенге жергиликтүүлөр билдиришти. Тургундар […]

Баткен: 40 үйдүн тогузу курулуп бүттү

убада баткен

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда апрелдеги жаңжалдан кийин курулушу пландалган 140 үйдүн ичинен Лейлек районунда 100 үй толук бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылды. Баткен районунда курулат делген дагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө ээлери көчүп киришти. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, Кыргызстандын президентинин демилгеси 36 шейит кеткен эр азаматтын […]

Жапаров: Баткен боюнча фонд түзүлүп, жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт

убада баткен

Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турат. Бул тууралуу 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров “Баткен облусу кандай болуп өзгөрөрүн эки-үч жылда көрө аласыңар” деди: “Сиздердин тапшырмаңыздар менен жакынкы арада Баткендин өнүктүрүү фонду болот. Жыл сайын 500 миллион […]

Мадина шаарчасынын жашоочусу: «Ар тараптуу колдоо болгону менен, жолдошумдун жоктугу өкүндүрөт»…

убада баткен

Тажик агрессиясынын курмандыктары үчүн курулган 36 үйдөн турган кичи шаарчанын жашоочулары менен «Убада Баткендин» активисти 5-октябрда жеринен таанышып келди. Мадина шаарчасы Баткен шаарындагы Чет-Булак аймагында жайгашып 2 гектар жерге түптөлгөн, шаарчанын ички  көчөсүнө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу системасы орнотулган. Ал эми жаңы конушка салынган үйлөр үч бөлмөлүү, ашканасы жана ажатканасы үйдүн ичинде болгон, таза суу түтүктөрү, […]