Камчыбек Ташиев: «Бүгүндөн баштап чек арабызда тынчтык болот»

Камчыбек Ташиев: Баткен жана Лейлек райондорунда жашаган эл өз мүмкүнчүлүгү барлар үйлөрүнө кайта берсе болот. Мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик ӨКМ (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) менен биргеликте транспорт менен камсыз кылат. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот.

19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн 19-сентябрь  улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  Эске салсак тажик аскерлеринин кол салуусунан курман болгон жарандарыбыздын саны 59га жетти.  Курман болгон ар бир жараныбыздын өз максаты, өз келечеги бар эле.  “Убада Баткен” жамааты каза болгон жарандарыбыздын жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтат. Шейит кеткен баатырларыбыздын, 15 […]

Тажик агрессиясынан 59 кыргызстандык курман болду

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрда саат 22:30га карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 144 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын […]

Тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

16-сентябрда тажик аскерлери Баткендин Көк-Таш — Аксай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы Ак-Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, чек арага жакын Кызыл-Бел — Достук жана Эски-Оочу — Максат унаа жолдорунда транспорт министрлигине караштуу бирден жүктөгүч техника, жеңил автоунаа, экскаватор жана […]

Чек ара чырында курман болгондордун саны 36га жетти

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти. «Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү»,- деп жазылган маалыматта. Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде […]

Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузду

Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине минометтон ок чыгарган.Аткылоо 08:55те токтотулган. УКМКнын Чек ара кызматынын жана коммуникация башкармалыгы 17-сентябрь саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады. КР УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамыучурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча […]

УКМКнын чек ара кызматы Баткендеги кырыгз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.

УКМКнын чек ара кызматы Баткендеги кырыгз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кеминде 24 адам каза болуп, жарадар болгондордун саны 103 адам жетти.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ? ХРОНОЛОГИЯ

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атылды. 14-сентябрда башталган конфликт 16-сентябрда курчуп кетти. Эки тарап ок атышууга бири-бирин айыптап жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул аралыкта 59 адам жарадар болуп, 15 жашар кыз каза болгонун билдирди. Тажикстан жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жарыялай элек. «Клооп» куралдуу кагылышуунун хронологиясын топтоду. 14-сентябрь: 14-сентябрь эрте менен Баткен […]

РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА ЭЛ УЧАК МЕНЕН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткен облусунан 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганын кабарлады. Ал арада Лейлек районунун Раззаков шаарындагы тургундары «Убада Баткенге» айтышканына караганда, И.Раззаков аэропортунан үч рейс учак адамдарды эвакуациялаган. Аларда негизинен жаракат алгандар, аялдар жана жаш балдар болушту. Аба жайында эвакуцияны […]

ССМ: Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 15 жаштагы кыз каза тапты

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады. “Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат такталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, — деп айтылат билдирүүдө. Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдады. Алардын үчөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. […]