РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА ЭЛ УЧАК МЕНЕН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткен облусунан 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганын кабарлады. Ал арада Лейлек районунун Раззаков шаарындагы тургундары «Убада Баткенге» айтышканына караганда, И.Раззаков аэропортунан үч рейс учак адамдарды эвакуациялаган. Аларда негизинен жаракат алгандар, аялдар жана жаш балдар болушту. Аба жайында эвакуцияны […]

Мамлекет жабыр тарткан элге максималдуу жардам көрсөттү». Баткен облусунун губернатору Убада Баткен менен маек курду

Introduction: Быйыл 30-августта “Убада Баткендин” активисти Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев менен маектешти. Маек жалпысынан 2021- жылы апрель-май айларында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин бир жыл ичинде кандай иштер аткарылганын, берилген убадалар канчалык деңгээлде аткарылып жатканы тууралуу болду. Убада Баткен: Сиздин облус башчылыгына келишиңиз облус эли трагедиядан катуу кайгырып турган учурга туш келди. […]

Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөштү

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп […]

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

2022-жылдын 14-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн […]

Ташиев: февралда жаңы аскердик техникалары келет

Атайын кызматтын жетекчиси кечээ, 29-январда, Ак-Сай айылында тегеректеги кыштактардын тургундары менен кезиккен.Февраль айында Кыргызстанга аскердик техника алып келинет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү эл менен жолуккан учурда айтты.Атайын кызматтын жетекчиси кечээ Ак-Сай айылында тегеректеги кыштактардын тургундары менен кезиккен. «Кыргызстан өзүнүн каражатына чет өлкөдөн заманбап аскердик техника алып койгон. Ферваль айында өлкөгө жеткирилет. Ошонун бардыгын […]