«БЕШ ЖАШТАГЫ МАЙЫП НЕБЕРЕМДИ КАРМАП ОТУРАМ». РАЗЗАКОВ АЭРОПОРТУНДА ҮЧ КҮНДӨН БЕРИ ЭВАКУАЦИЯГА КЕЗЕК КҮТКӨН КАЙРИНИСА ЭЖЕНИН БАЯНЫ

Учурда Лейлек районунун борбору Исхак Раззаков шаарындагы аэропортто бир миңдин тегерегинде адам Бишкекке учуу үчүн кезекте турат. Алар күн сайын аэропортко келип, кеч киргенче учак күтүп отурганга мажбур. «Убада Баткен» өз кезегин күтүп турган Кайриниса Эрматова менен байланышып, абал тууралуу сурады. Кайриниса Эрматова – Лейлек районунун эң четки жагында Тажикстан менен чектеш жердеги Максат айылынын […]

Баткен: 40 үйдүн тогузу курулуп бүттү

убада баткен

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда апрелдеги жаңжалдан кийин курулушу пландалган 140 үйдүн ичинен Лейлек районунда 100 үй толук бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылды. Баткен районунда курулат делген дагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө ээлери көчүп киришти. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, Кыргызстандын президентинин демилгеси 36 шейит кеткен эр азаматтын […]

Жапаров: Баткен боюнча фонд түзүлүп, жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт

убада баткен

Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турат. Бул тууралуу 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров “Баткен облусу кандай болуп өзгөрөрүн эки-үч жылда көрө аласыңар” деди: “Сиздердин тапшырмаңыздар менен жакынкы арада Баткендин өнүктүрүү фонду болот. Жыл сайын 500 миллион […]

Мадина шаарчасынын жашоочусу: «Ар тараптуу колдоо болгону менен, жолдошумдун жоктугу өкүндүрөт»…

убада баткен

Тажик агрессиясынын курмандыктары үчүн курулган 36 үйдөн турган кичи шаарчанын жашоочулары менен «Убада Баткендин» активисти 5-октябрда жеринен таанышып келди. Мадина шаарчасы Баткен шаарындагы Чет-Булак аймагында жайгашып 2 гектар жерге түптөлгөн, шаарчанын ички  көчөсүнө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу системасы орнотулган. Ал эми жаңы конушка салынган үйлөр үч бөлмөлүү, ашканасы жана ажатканасы үйдүн ичинде болгон, таза суу түтүктөрү, […]

Элден чогулган 120 млн сомдун 73 млн сомго келишим түзүлдү

убада баткен

Баткен облусунун атайын эсебине 119 млн 667миң 548 сом топтолгон Ушул жылдын 28-30-апрел күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине  бүгүнкү күндө  жалпы 119 млн 667миң 548 сом топтолгон. 1-октябрга карата жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө топтолгон каражаттын 46млн 338миң сому которулду. Тактап айтсак: […]